Изилдөөнүн жыйынтыктарынын презентациясы болот

April 9, 2023, 23:39
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү боюнча изилдөө жүргүздү.

Изилдөө аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүнө жана учурдагы абалына, алардын иштерди кароодогу тажрыйбасына, өлкөнүн улуттук жана жергиликтүү деңгээлдериндеги негизги кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүсүнө баа берүүгө багытталган.
  

Изилдөөнүн отчётунда аксакалдар сотторунун портретинин сүрөттөлүшү, алардын ишмердүүлүгүнүн айрым мыйзам ченемдүүлүктөрү, актуалдуулугу, натыйжалуулугу, институттун туруктуулугу, башка мамлекеттик органдар жана коомдук институттар менен өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле бүгүнкү күндөгү гендердик-зомбулук көйгөйлөрү камтылган.

 

Аксакалдар сотторунун статусунун белгисиздиги, укуктук карама-каршылыктар, иштеп жаткан аксакалдар сотторунун саны жөнүндө так маалыматтын жоктугу, гендердик зомбулук иштерин кароодо алардын компетенттүүлүгү жана ролу боюнча пикир келишпестиктер, аялдардын өкүлчүлүгүнүн аздыгы изилдөө жүргүзүүгө себеп болгон.

 

Изилдөөнүн толук жыйынтыктары менен таанышып, отчётту шилтемесинен https://roza.kg/ky/initiative/democratic-governance/43 жүктөп алсаңыздар болот.

 

Изилдөө отчётунун бет ачары 2023-жылдын 11-апрелинде саат 14:00дө өткөрүлөт.

 

Иш-чарага онлайн кошулууну каалагандар алдын ала төмөнкү шилтеме аркылуу катталышы керек:

https://us02web.zoom.us/meeting/register/tZcudOytqjIsHNPh0Js4S6RkXiyiEnnFQVxa.

 

Изилдөө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен «Ист-Вест Менеджмент Институту» (EWMI)  коммерциялык эмес уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Укук булагы» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.