Аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн изилдөө

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүнө изилдөө жүргүздү. Иликтөө 2022-жылдын июлунан ноябрь айына чейин республика боюнча 11 калктуу конушта, анын ичинде 7 аймакта, республикалык мааниде Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн ал кагында республиканын 7 облусундагы 14 аксакалдар соту текшерүүгө алынган. Изилдөөгө 369 респондент катышкан, алардын 203ү (55%) эркектер жана 166сы (45%) аялдар. АС статусу боюнча белгисиздик, укуктук боштуктар жана конфликттер, активдүү АС саны жөнүндө ишенимдүү маалыматтын жоктугу, гендердик иштерди кароодо АС компетенттүүлүгү жана ролу жөнүндө пикир келишпестиктер, ошондой эле АС аялдардын аз өкүлчүлүгү көрсөтүлгөн. Отчётто АС портретин, алардын ишмердүүлүгүн, мекеменин актуалдуулугун жана натыйжалуулугун, туруктуулугун, башка мамлекеттик органдар жана коомдук институттар менен кызматташуусун, ошондой эле бүгүнкү күндө гендердик сезимталдыкты чагылдырууга аракет жасалган. Изилдөө отчёту аксакалдар сотторунун портретин, алардын ишмердүүлүгүн, мекеменин актуалдуулугун жана натыйжалуулугун, туруктуулугун, башка мамлекеттик органдар жана коомдук институттар менен кызматташуусун, ошондой эле бүгүнкү күндө гендердик сезимталдуулук камтылган. Изилдөөнүн жыйынтыктары КР аксакалдар сотторунун институтун мындан ары чыңдоо, ошондой эле гендердик сезимтал сот адилеттигине жетүүдө алардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Изилдөө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен «Ист-Вест Менеджмент Институту» (EWMI) коммерциялык эмес уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Укук булагы” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. USAIDдин «Укук булагы» долбоору сот системасынын ачык-айкындыгын жогорулатуу, адамдарга багытталган, гендердик сезимтал сот адилеттигин илгерилетүү жана коррупцияны (жемкорлукту) азайтуу аркылуу жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимин жогорулатууга багытталган.

Долбоордун максаттары:

Изилдөө аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүнө жана учурдагы абалына баа берүүгө, иштерди кароо тажрыйбасына, өлкөнүн республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги негизги тараптар менен өз ара аракеттенүүсүнө баа берүүгө багытталган.

Долбоордун өнөктөштөрү

Долбоор документтер

Отчет по результатам исследования деятельности судов аксакалов в КР
Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча отчёту
Report of the results of a study of the activities of Aksakals’ Courts in the Kyrgyz Republic
Полный отчет по результатам исследования деятельности судов аксакалов в КР

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто