8-март майрамыңар менен!

March 7, 2023, 08:02

Кымбаттуу, сүйүктүү айымдар!


Силер дүйнөгө мээрим, сүйүү тартуулап, жашоону кооздукка бөлөп, балдарды өстүрүп жана тарбиялап жатасыңар. Аял заты жок үйдө эч качан кут болбойт, силер ар бир үйдүн көркүн чыгарып турасыңар. Силер ошондой эле үй-бүлөнү багуу үчүн бардык тармактарда жан үрөп, ийгиликтүү иштеп жатасыңар.


Кыргызстандын айымдары – олуттуу коомдук-саясий жана кесипкөй күч: алар – НПОлор, аялдар кеңештери, ден соолук комитеттери, аялдардын кесиптик ассоциациялары жана чыгармачыл бирликтер. Кыргызстандын айымдары мамлекеттүүлүктү өнүктүрүү үчүн, жаратылыш ресурстарын сактоо үчүн, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн жоопкерчиликти бөлүшүүгө дайым даяр! Силер ушунчалык назик экениңерге карабай, оор иштерди аткарып, бирок ошол эле учурда аялдык касиетиңерди жоготпой, мээримдүү, көрктүү, шайыр жана мээримдүү бойдон калуудасыңар.


Ушул жадыраган жаздагы аялдар майрамында силерге майрамдык маанай каалайбыз, жүзүңөрдөн кубаныч, ууртуңардан жылмаюу кетпесин, ар дайым мээримге бөлөнүп, жан-дүйнөңөр бакытка толуп, асманыңар ачык болсун. Эркектер адаттагыдай эле ашык болуп, ырларын жана обондорун арнап, силерге камкордук көрүп, күндөлүк түйшүгүңөрдү, оор жүгүңөрдү тең бөлүшүп, дайыма колдоп жүргөндү унутпасын!


Жаз мезгили силерге шыктанууларды тартуулап, жаңы үмүт-тилектерди жаратсын жана алар ишке аша берсин!


Майрамыңар менен, кымбаттуу кыз-келиндер!


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын
уюштуруучусу жана жамааты