Фонддун 10 жылдыгына арналат: 2015-жыл

May 23, 2022, 10:08

Кыргызстандын негизги байлыгы – бул анын адамдары. Эгерде билим берүүнү өнүктүрсөк, балдарыбызды – келечегибизди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзсөк, биз ийгиликтүү өлкө болуп кала алабыз. Бул келечек кандай боло тургандыгы өлкөнүн ар бир жаранынын күч-аракеттерине байланыштуу. Биз жыл сайын ондогон адамдардын өмүрүн кыйып жаткан, балдарга жана аялдарга карата жасалган зомбулукту жое алабызбы? Бул үчүн эмне кылуу керек? Биз китеп окуган улут болуп кала алабызбы? Бул үчүн ар бирибиз эмне кыла алабыз?

 

2015-жылы биздин Фондубуз ишке ашырган бардык долбоорлордун негизинде турган негизги маселелер жана принциптер булар:

·      Үчүнчү «Билим фестивалы».

 

·      «Глобалдуу ойлон – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоору.

 

·      Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча долбоор: «Мектепте сапаттуу тамактануу – дени сак балдар».

 

·      ««Жайлоодогу балдар бакчалары: алыскы жайыттарда балдарды эрте өнүктүрүү».

 

·      «Устат-3: ички иштер органдарында айымдардын ролун күчөтүү».

 

·      «STEM – илим жана техника чөйрөсүндө кыз-келиндердин билим деңгээлин жогорулатуу».

 

·      «Балалык мектеби» лекторийи: балдарды эрте өнүктүрүү методикасы.

 

·      «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

 

·      Ачык билим берүү ресурстары: электрондук окуу китептери ар бир адамга жеткиликтүү.

 

·      Кыргызстандын этносторунун музыкалык маданияты жөнүндө «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» концерттер сериясы.

 

·      Китеп чыгаруу-агартуу иши.

 

·      «Мекендештер» форуму.

 

·      «Discover Asia – Жаңы формат»

 

·      «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» этнографиялык көргөзмөсү.

 

·      Пикир алышуу визиттери жана окуу иш сапарлары.