"Манас" эпосу сүрөттө китеби немис тилине которулду

March 9, 2022, 23:07
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду чыгарган “Манас” эпосу сүрөттө китеби немис тилине которулду.

Кыргыз- немис дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында “Манас” эпосу сүрөттө китеби Кыргызстандагы Германиянын элчилигинин колдоосу менен немис тилине которулду жана басып чыгарлды.

Эпостун миллиондогон саптарын кыскартып тааныштыруу аркылуу Манастын тарыхын окурмандарга жеткирүү үчүн, жапондордун манга жанры колдонулган. Тактап айтканда китептин мазмуну иллюстрациялар менен кыска, бирок нуска тексттерден турат.

Китепти жаратуу идеясы КР экс-президенти «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Исаковна Отунбаевага таандык.