Фонддун 10 жылдыгына арналат: 2013-жыл

February 8, 2022, 00:14

2013-жыл – Фонддун ишинин экинчи жылы – көрүнүктүү демилгелерге жана долбоорлорго бай болду. Биринчи жылдагы демилгелер улантылды, аларга жаңы долбоорлор шайкеш кошулуп турду.


2013-жылдын ичинде биз мектепке чейинки билим берүү маселелери жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү боюнча долбоорду ишке ашырууну жигердүү уланттык, «Билим кербендерин» өткөрдүк жана өлкөнүн тарыхында биринчи жолу «Жайлоодогу балдар бакчаларын» ачтык, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» деген алгачкы акцияны уюштурдук, ал кийин балдарга китепти үн чыгарып окуп берүү боюнча туруктуу демилгеге айланды.


«Балалык мектеби» жана «Discover Asia» лекторийлери, мектеп окуучулары үчүн классикалык музыканын «Музыка менен бирге» лекция-концерттери өзүнүн угуучуларын ишенимдүү тартты.


2013-жылы КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын демилгеси боюнча Бишкекте биринчи Билим фестивалы өттү, анын максаты билим берүү долбоорлоруна балдардын кызыгуусун арттыруу жана билим берүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө коомчулуктун эсине салуу болду.


«Устат» насаатчылык долбоору өзгөчө орунду ээледи, ал 2013-жылдан тартып ишке аша баштады жана жаш, жөндөмдүү жана өнүгүүнү каалаган кыз-келиндерди насаатчы айымдын (Устат) жана ал колдоо көрсөтүүчү жаш адис кыз-келиндердин (Шакирт) ортосундагы кызматташтык процессине жигердүү катышууга шыктандырууга багытталган.


Окуу китептеринин жана окуу материалдарынын олуттуу жана дайыма жетишсиздигинин шарттарында электрондук онлайн ресурстар түрүндөгү альтернатива бул маселени чечүүнүн варианттарынын бири катары каралып калды жана биз «Ачык китеп» долбоорун ишке ашырууга жигердүү кириштик.


Окуу иш сапарлары, адабий кечелер, көргөзмөлөр жана музейдеги жолугушуулар – эстей турган көп нерселер бар!


Муну уланталы!