«Китеп окубай калуу – демек, ойлонбой калуу»

September 30, 2021, 22:31

«Китеп окубай калуу – демек, ойлонбой калуу», - деп айткан улуу жазуучу Федор Михайлович Достоевский. Тилекке каршы, жаңы технологиялардын пайда болушу менен, көпчүлүк адамдар китеп окууга кызыкпай калды. Мында кеп биз бардыгыбыз көнгөн жөн гана үстүртөн окуу жөнүндө эмес, дал адабиятка баш-оту менен кирип, анын маани-маңызын түшүнүү жөнүндө жүрүп жатат.


Китеп окуу – бул жакшы адат, ага бала чактан тартып үйрөтүү керек. Китеп окуунун аркасында балада талдап ой-жүгүртүү, кыялдануу өнүгөт, түшүнүгү кеңейет. Китеп окуган, адабиятка сүңгүп кирген, аны түшүнгөн бала – бул билимдүү коомду калыптандырууга салым жана ошонун өзү менен өлкөбүздүн жаркын келечегине салым.


Дал ушул максатта «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өзүнүн басма ишин жүргүзүп, ата-энелердин жана алардын балдарынын арасында адабиятты даңазалап жатат. Бул постто биз силерге «Балдар адабияты» сериясынан эң кызыктуу китептер жөнүндө айтып беребиз.


Бардык ушул китептер кыргыз жана орус тилдеринде, Бишкек шаарынын китеп дүкөндөрүндө жана Чүй проспекти, 106 (Тыныстанов көчөсү менен кесилиште) дареги боюнча биздин офисте жеткиликтүү.