Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык Күнү менен!

August 30, 2021, 22:23

Кымбаттуу достор!


Кыргыз Республикасынын Көзкарандысыздык Күнү менен чын дилден куттуктоолорубузду кабыл алыңыздар!



Отуз жыл мурда, 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык мамлекет деп жарыяланган. Бул күн өлкөбүздүн тарыхында даңктуу дата, демократиянын жана коомдук биригүүнүн жолунда бурулуш доор болуп калды.

Бул майрам – өлкөбүз өнүгүүнүн өз алдынча жолун тандоосунун символу, ал көз карандысыздык жылдарынын ичинде саясий, экономикалык, маданий жана социалдык турмушунун калыптанышынын көптөгөн этаптарынан өттү. Бул ар бирибиздин жана соңку он жылдар аралыгында мамлекеттин эгемендүүлүгүн чыңдаган адамдардын жана жаштардын – Көз карандысыздык менен тең жаралган, өлкөнү андан ары өнүктүрө турган адамдардын майрамы.


Азыркы Кыргызстандын көз карандысыздыгы – бул улуттук биригүүнүн жана өлкөбүздүн келечеги үчүн жалпы жоопкерчиликтин символу. Ар бирибиздин түзүүчүлүк, күндөлүк эмгегибиз анын андан аркы бакубаттуулугуна жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө түрткү берүүгө тийиш. Бүгүнкү күндө, коомубуздун алдында, өлкөбүздүн алдында жаңы милдеттер турганда, COVID-19 таралышынын шарттарында биз жаңы көйгөйлөргө кабылып олтурабыз, аларды биз биримдикте гана аркалай алабыз. Биздин алдыбызда турган глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жана ар күндөгү милдеттерди чечүүдө бизге биримдик өтө зарыл.


Жыл өткөн сайын бул майрам биздин келечегибизге улам көбүрөөк дем берип жана ар бирибизге шыктанууну кошумчалай берсин!

Мекенибиз болгон Кыргызстандын асманы – дайыма ачык, адамдардын жүрөгүндө бейпилдик, ал эми үйлөрүндө молчулук болсун!

 

  

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын

уюштуруучусу жана жамааты