Жыл сайын 23-апрелде Китептин жана автордук укуктун дүйнөлүк күнү белгиленет

April 23, 2021, 08:42

Китептин күнүн белгилөө идеясы Каталонияда келип чыккан, бул күнү ал жерде бири-бирине китеп тартуулашат, ал эми сатып алынган ар бир китеп үчүн сатып алуучу белекке роза гүлүн алат.

 

Коомдун жана ар бир адамдын турмушунда китептин маанисине баа бербей коюу мүмкүн эмес, китеп – бул жаңы нерселерди айтып берүүгө же билүүгө мүмкүндүк берген маданият дүйнөсүнө карай терезе, бул ар түрдүү мезгилдерди жана ар түрдүү маданияттарды бириктирип турган жол. Китеп окуунун кызыктуу процессинде ырахат алууга жана авторлордун укуктарын урматтоого чакырып, ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы 1995-жылы Китептин жана автордук укуктун дүйнөлүк күнүн уюштурууну чечкен.

 

Биз болсо эске сала кетебиз, дүйнөлүк жана улуттук адабиятты балдар жана жаштар арасында даңазалагандыгы үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фондунун китеп чыгаруу иши элге таанылып олтурат.

 

Фонддун бардык чыгарган китептери кайталангыс – булар кыргыз тилине биринчи жолу которулган чыгармалар, булар ошондой эле Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн иштеринин репродукциялары бар кооз жана кызыктуу открыткалар, календарлар.

 

Өзүң үчүн же белекке берүү үчүн китепти бизден сайттан тандоого болот.

Силер бардык китептерди Бишкек шаарынын китеп дүкөндөрүнөн же Фонддун офисинен сатып ала аласыңар.