Бүгүн «МКТдагы кыздар» эл аралык күнү

April 22, 2021, 07:16

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) чөйрөсү тез өнүгүүсүн улантып жана кыздар үчүн кесиптик өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып жатат.

 

МКТдагы кыздардын эл аралык күнү – бул санариптик жөндөмдөрдүн маанилүүлүгү жөнүндө кыздар арасында маалымдар болууну арттырууга багытталган глобалдык демилге.

 

Тууроо үчүн айымдардын шыктандыруучу мисалдары технологиялар жагынан мансап ушунчалык ар түрдүү жана кызыктуу, ошондой эле силер каалагандай сонун болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат.

 

Бул шыктандыруучу ролик ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан «МКТдагы кыздар» эл аралык күнүнө карата атайын даярдалды.


 

Маалымат: МКТдагы кыздардын күнү жыл сайын бүткүл дүйнө жүзүндө белгиленет. Бул БУУнун белгиленүүчү датасы, ал Эл аралык электр байланыш бирлигинин демилгеси боюнча 2011-жылдан тартып апрелдин төртүнчү бейшембисинде өткөрүлөт. Быйылкы жылы бул дата 22-апрелге туш келет.


Бул күнү кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, аларды МТ чөйрөсүндөгү кесипти тандоого стимулдаштырууга багытталган ар түрдүү иш-чаралар өтөт.

 

Майрамдын максаты – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү аялдарды жана кыздарды ишке орноштуруу жана кызмат боюнча көтөрүү маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу.