Сатыкка чыкты! 10 кытай жомогунан балдар китептеринин сериясы

February 11, 2021, 09:52

Достор, бизде жакшы жаңылык бар!


Биз эң жаш окурмандарыбыз үчүн балдар китептеринин сериясын даярдадык – булар он кытай жомогу. Койчунун жана токуучунун сүйүүсү жөнүндө жомок, Нэчжа деңиз ажыдаарын жеңет, Асмандагы сарайдагы дүрбөлөң, Он эки түстүү элик, Абышка Юй Гун тоолорду томкорот, Мэнцзы эне үч жолу жер кезди, Сыма Гуан менен казан, Хуа Мулан, Үч кечил, Он эки зодиак жаныбарлары жөнүндө жомок. Эл жараткан, муундан муунга өтүп келген жомоктор элдин даанышмандыгын, анын мүнөзүн, тилектерин жана үмүттөрүн эң сонун көрсөтүп турат.


Китептер көп сандаган укмуштуу сүрөттөрү менен ыңгайлуу чакан форматта кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылды.


Бир китептин баасы – 80 сомов, 10 жомоктон турган бүткүл сериянын баасы – 800 сом. Китепти өз-өзүнчө же бүткүл серияны Фонддун офисинен же шаардын китеп дүкөндөрүнөн сатып алууга болот, алар жакын арада дүкөндөргө түшөт.


Бала дүйнөнүн байлыгы жана ар түрдүүлүгү, маданияттардын көп түрдүүлүгү жөнүндө түшүнүк алышы, башка өлкөлөрдүн, элдердин, айрыкча Кыргызстандын жалпы чектери бар өлкөлөрдүн маданиятын билиши өтө маанилүү. Фонд «Досторума конокко чакырат» деген китебинде окурмандарды Кыргызстандагы этностордун маданияттары жана салттары менен тааныштырган болчу, ал китепти да бизден сатып алсаңар болот. Китептердин башка сериясы – «Балдарга көркөм өнөр жөнүндө» китептер коңшу Казакстандын жана Өзбекстандын дүйнөлүк атак-даңкка жетишкен артисттери жөнүндө гана эмес, ошондой эле дүйнөлүк музыка, музыкалык аспаптардын түрлөрү, театрлар жөнүндө айтып берет.


Биз менен бирге китеп окугула!



Байланышуу: 

      Телефон: +(996) 312 660 382

E-mail: office@roza.kg

Дарек: Чүй проспекти, 106