Акын К.Бакировдун поэзия кечеси отот

October 6, 2016, 06:00

2016-жылдын 21- сентябрында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында кыргыз элине таанымал акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Карбалас Бакировдун “Адашкан кентавр” аттуу поэзия кечеси болот. Ал “Адашкан кентавр”, “Коргондогулар жана чексиздик”, “Көкүлчөн кыялдар” аттуу үч ыр жыйнагынын автору. КРнын Президентинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарынын Түркияда өткөн фестивалдарынын бир нече жолку катышуучусу.


Котормочу катары көптөгөн акындардын ырларын кыргызчалаган. Алгачкы ырлары мектепте окуп жүргөндө гезиттерге жарыяланган. Бүгүнкү күндө эки китеби жарык көрүүнүн алдында турат. К.Бакировдун кечеде окуй туцрган ырларынан жарыялайбыз.



ЫРЛАР


ГАЗЕТА –ӨЛКӨ

Бишкектеги

«Учкун» деген концерндин

Сегизинчи кабатында,

Калкылдайт менин бөлмөм

асман-жер арасында.

Алты жүз квадрат мейкини бар,

ак кагаз – алтыны бар,

Турмушта романтик,

жазганда тайфуну бар –

«Эркин тоо» деген өлкө

жашайт мында.

Эгер сен эргибесең,

кашайттың да…

Ой деген көпөлөкчөн,

көңүлдү көкөлөткөн.

Супсулуу жыйырма бир кыз

Оо жапырт калем алса,

Чабуулга бара жаткан

Амазонка!

Сүйлөшсөң азык алаар,

Жөөнөкөй, назик алар.

Жигиттер одур-будур,

Сөз издеп алчы конгон.

Келаткан сыяктанат

адыр, жондон.

Бир карасаң

окшошот олтурганга,

Урунуп

беринишкен

толкундарда,

Нан дүйнө жээкте калып,

жан дүйнө толтурганга!


Бишкектеги «Учкун»

концерндин

сегизинчи кабатында

Калкылдайт менин бөлмөм,

асман-жер арасында.

Ачылган терезеден

Көгүлтүр мейкин кирип

ак булут токтоп турат.

Кол сунсам

тоого тиер окшоп турат.


УБАДАЛАР,

УБАРАЛАР…

Түз жерден кыялаган,

түзүлгөн,

Жалаң желден, ураалардан.

Жалт этип кайып болгон,

Вавилон – мунарадан.

Кыйкырчаак – кызыл-жашыл,

Кыргыздар, жадап бүттү убададан.

Убадалар –

«Тойотада»,

КАМАЗдарда,

Учактарда

Долондон

Төө-Ашуудан,

Ала-Белден

сызууда кыштактарга

Убадалар…

Камгактай калдаңдаган,

далдаңдаган,

Булт этип булуттардай,

А бирок кармалбаган.

«Карк» эткен үн калтырган,

Барбы деги айырмаң.

Каргалардан?

Убада – куругун аа,

Ультра үн топтолуптур уюгуңа!

Шилтесем кылыч кеспейт,

Ок тийбейт уюлуңа.

Жылтылдак көпөлөктөй,

Жылмаюу – конуп турат мыйыгыңда,

Мультфильм болуп качтың,

Муштумдар тийбейт экен мурунуңа.

Убадалар –

Жок дегенде

Айылдагы чалдар минген

Эшек болуп бере алабы?

Же болбосо от жакканга,

Тезек болуп бере алабы?

Убадалар –

Жок дегенде

Улагына сүт эмизген,

Эчки болуп бере алабы?

Базарларда тачка тарткан балдарга,

«Кукси» болуп бере алабы?

Же болбосо Пушкин жазган

Балыкчынын кемпирине

Тепши болуп бере алабы?

Убадалар

Убадалар

Убадалар –

Крокодил бурдап салган

Сырт жагы жасалма гүл,

Ичинен кыйрап калган.

Убадалар

Убадалар

«Мам резервде»

Жатса керек тирелип.

Ораторлор сууруп чыгып оозунан,

Сунуп жатат – кредит.

Кыргыз бирөө

29 партия бар

Ар бири какшап айтты,

Биз келсек парламентке

Кыргызстан болот деп алтын арал

Убадалар

Жөнөкөй бир жел болбой,

же нөл болбой

Өлкөгө бакыт кушу консо кана

Ылайым,

Алтын арал болсо кана.

Калптарды ийрип көнгөн,

Чындыкты сыйрып көнгөн,

Сымаптай кылтылдаган,

Сыйгалак бийликтерден,

Жылаңач убадалуу

Жылгаяк бийликтерден

Кыргыздар биротоло жадап бүттү.

Токтогун убадалар «алтын» тиштүү

Убадалар

Спутниктей,

Гагариндей учууда.

Батинке алып беремин дейт,

Бакалардын бутуна

Уңулдаган жел эле,

Улуу элди утууда!

Убадалар

Убаралар…

2008-жыл.


ХХХ

Саманчынын жолунда сапырыкмын,

Ала-Тоодон Сибирге чачылыпмын.

Жебе сөздөр тийсин деп буталарга,

Тагдырыма тарс эле таш урупмун.

Туулган жердин көгүнөн сүрүлүпмүн,

Куулган жерге жүгүрүп, сүйүнүпмүн.

Ылайлантпай шаңгырак жан дүйнөмдү ,

Ырлар учкан мейкинге урунупмун.

Короочудай коргондо “чирип” калбай,

Агып, жылып, көчүпмүн булуттардай.

Шаарлар калды мен чечкен көйнөктөрдөй,

Шамал калды жарыштан буюккандай.

Оо, чеги жок талаалар, талааларым,

Жолукканда силерге – шанаңдадым.

Ушак менен калышкан тоок кепеде,

Адамдарды а бирок аяганмын.

Ыплас, кирден алыска, араактарга,

Апакай кар, көк мейкин тараптарга,

Алып кеткен тагдырга ыраазымын,

Аска-жардан куланып баратканда.


ЧИРИК ЖЫГАЧ

Чирип калган жыгачтын жаны барбы?

Отко тирүү салдымбы жаныбарды?

Чоочуп капыс уйкудан ойгонгондой,

Чарт-чурт жанып, жалбырттап, жарылдады.

Чачкан сымал шурусун моюндагы,

Чатыр-чутур алоолоп долуланды.

Жылан соргон чымчыктай чыр-чыр этип,

Аюу болуп ноюду коңулдагы.

Ыйын-муңун көңтөрүп көөкөрдөгү ,

Ызырынды, каткырды, кекээрледи.

Карсылдашып сүзүшкөн чокуларда,

Текелердин көрүндү чекелери.

Чирик жыгач-чыңырган чырак жыгач,

Чагылгандын перзенти сыяктанат.


ХХХ

Чогойно, чогойно, чогойно,

Чоң ойго салдың сен, чоң ойго.

Дердеңдеп жыга тээп өтчүмүн,

Дегенсип: “Керейбе, коройбо”.

Боор ооруп аяп да койбопмун,

Таш уруп, талкалап ойнопмун.

Күнөөсүз табият перзенти,

Күлкүңдү жулупмун, кордопмун.

Арманын айтпаган баатырдай,

Сынганда сыздапсың бакырбай.

Өжөр, көк тикениң бар үчүн,

Өзүңдү көрүпмүн касымдай.

Эх, там-туң баскан бир баладай,

Ыргалып турупсуң талаада ай.

Тээп өткөн учурум эстедим,

Тамчы жаш карегим аралай...


ХХХ

Бул таш тамда көп күнөөгө баткандар,

Калптын мурдун бир кыйшайта

чапкандар.

Терезени сыныгы деп асмандын,

Эрежени “эже” дебей аткандар.

Арыктарга батпай калып кичине,

Азырлардын кыры менен аккандар.

Чыр-чыр этип түшүп калган уядан,

Чындыктын бир балапанын баккандар!..


ӨЛКӨСҮНӨН КЕТТИМ МЕН ВИНОЛОРДУН

Абалына сынтакпайм бирөөлөрдүн,

Күнөөлөрүм толтура күнөөлөрүм.

Өрт өчүрүп токойдон чыккан сымал

Өлкөсүнөн кеттим мен винолордун.

Шамал куюн ачылган тараптарым,

Шарактадым аябай шарактадым.

Өзөндөрдөй шаркырап агып жаткан,

Өлкөсүнөн кеттим мен шараптардын.

“Тойоталуу” таята, таякеңин,

Толкундардай чайпалган бай акеңин,

Тойлоруна киргендер мөөрөп, мөөрөп,

Торпок болуп чыгышса канетемин?

Борборуңа карагын борборуңа,

Жолугасың түз эле жоор дооруна.

Гүлдөр өскөн жерлердин ордун ээлеп,

БОМЖдор өсүп келатат жол боюнда.

Булактарга чайынган эх аруу жан,

Булгандыңбы “самогон” ашарынан

Кыркалакей теректер тост көтөрсө ,

Кулап түшмөк күп этип катарынан.

Оо көкөлөп учалбай балапаның,

Ооруп турат көк мейкин, талаа, сайың.

“Алкаш” жыттар ар дөңдөн аткылоодо,

Ала-Тоонун абасын, Ала-Тоонун.


517-БӨЛМӨ

Бул бөлмөдө “кыйшыктары” беш шаардын,

Жулуп келген чексиздин “беш” капталын.

Кээде ташып толкундардай түрүлгөн.

Кеп баштаган Еллададан, Римден,

Байласа да чыгып кеткен асманга,

Балчык кечкен романтик-бири мен.

Сергей досум уурулуктан такшалган,

Полтавадан атак-даңкы таш жарган.

Бир нерсени колго кармай келбесе,

Ооруп калмай адаты бар ал кече.

Татынакай бир сулуусун Сибирдин

Сууруп чыгып коюнунан иңирдин,

Кулап түшүп ал бешинчи кабаттан,

Буту сынып, аман калган таякчан.

Тогуз кадам шилтеп барып жыгылган,

Тобо кылып... Андан соң түз бурулган.

Ачкыч менен кулпка сааттай тагыраак,

Алп денелүү дардайган бир – Голиаф!

Ага каршы төрөлгөнсүп тескери,

Азыр мөлт деп тамуучудай көздөрү ,

Бою жапыз Саша-Йошкар Оладан,

Кызыл-күрөң муруттарын тараган.

Алыстарды эңсей бербей элчилеп,

Адаты бар айнек сүртмөй мелтиреп.

Андан эч бир тажай турган эмес ээ,

Асман менен кошулганча терезе.

Нганасан улутунан – Парнасхан,

Мерген, тыйын чычкандарды көзгө аткан.

Капсалаңда аюу чапчып бетинен,

Карлар каалгып уюлгуган Тальнахтан.

Абакандын – Чеботаев Артуру,

“Енисейлик кыргыз мен” – деп, ал туру.

Өжөрлөнүп, мушташканча талашып,

Өз элинин болгусу жок калп уулу.

Күмүш жылдар тартуулаптыр дос мага,

Күнөөсү көп, а бирок жок халтуру.

 

ХХХ

Ала-Тоодо – Ат-Башы,

Алтайдагы – Ад-Бажи,

Бир чындыктын кашкасы,

Бир чындыктын ашташы.

Адыр-жонуң атасам,

Аргымактай кишенээр.

Ширеңкесиз дүрт этип,

Күйүп, күйүп түтөнөөр.

Аймагынан Тайганын,

Ак аюулар дүрбөгөн...

Таазим – тоолор силерге

Оо, кыргызча сүйлөгөн.

Талаасынан Сибирдин,

Таң ойгонуп уйкудан,

Таазим – жерлер силерге,

Оо, кыргызча кыйкырган!


ХХХ

Эрте таңда сан чымчыктар сайраган,

Эх, Чычкандын токоюнан айланам!

Ушул жакка келсе сонун болмок ээ,

Ушак угуп олтургандар сандаган.


Шыбырашып жанын жебей кулактын,

Шыңгыраган үнүн укса булактын.

Таранчылар “дүрр” учканга кубанып,

Тазаланса карегинен тору аттын.


Туш тарабың жан жыргаткан шоокумдар,

Ушак-айың айтпайт кайың, каакымдар.

А таштары сөз ташыбай бирөөгө,

Миң жыл бою ооз ачпаган “баатырлар”.


Артистенип, арча кийбейт “масканы”,

Бийик-паспы, өйдөсүнбөйт бактары.

Мен – эргежээл, менсингенден уялам,

Карап туруп төш какпаган асканы.


Айгай салган ак дарыя ынагым,

Асман карап жээгиңе бир куладым.

Делбектеген чокулардын үстүнөн,

Деле жерге түшкүсү жок кыялым!


РАМИС

I

Короолордон, менсинген төрөлөрдөн,

атыласың аянтка кар элеген.

Оркоесуң обу жок сылык коомдон,

Чыгып турат бир бутуң эрежеден.

Добул, кыян, чагылган аралашкан

талаалардан жапайы шамал аккан,

акындарды дүрбөттүң, беймарал, жай,

коен уулап келаткан арабачан.

Сен бир жоокер качырган типтик кырдан,

Уйкаштардын өлкөсүн быт-чыт кылган.

Баш аламан оңкочук аткан ырың,

Темиркулдун чачтарын тик тургузган.

II

Сындырган кокусунан канаттарын,

Куштардын аарчыймын деп көз жаштарын.

Адашып түшкөн биздин планетке,

Рамис - бир перзенти көк асмандын.

Жүгүрүп, качып чыгып жымжырт жайдан,

Жүрөгүн, чыңырыгын ыргыткан жан.

Кайтат ал качандыр бир мекенине,

Рамис - келген акын жылдыздардан. 


Карбалас БАКИРОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер