Звёзды читают детям: Айбек Дайырбеков встретился со школьниками в Бишкеке
May 27, 2026, 08:06
Бишкек шаарындагы №100 мектепте “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясы белгилүү режиссёр жана сценарист Айбек Дайырбековдун катышуусунда өттү. Иш-чара балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп келет.
Айбек Дайырбеков окуучуларга китеп окуп берип, чыгарманын мазмуну, кыялдар жана максаттар тууралуу балдар менен маектешти. Жолугушуу жылуу жана кызыктуу маанайда өтүп, балдар режиссёрго суроолорун берип, чыгармачылык дүйнөсү тууралуу кенен маалымат алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Фонддун өкүлдөрү китеп окуунун балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүдөгү мааниси чоң экенин белгилеп, окуучуларды көбүрөөк китеп окууга чакырышты.


