«Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин II тому Жогорку Кеңешке тапшырылды.

May 26, 2026, 07:50

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин II томунун 100 нускасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына тапшыруу үчүн ЖК Аппаратынын жетекчиси Абытов Алмасбек Ахунжановичке расмий түрдө өткөрүп берди. 


Китеп мамлекеттик башкаруу, өнүгүү стратегиялары жана реформалар тууралуу маанилүү баяндамаларды камтыйт. Басылма кыргыз тилинде жарык көрүп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган. 


Буга чейин китептин 400 нускасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасына өткөрүлүп берилген. Китеп палатасы басылмалар министрликке караштуу республикалык, облустук, райондук жана шаардык китепканаларга таркатат.