«Билимбектин лабораториясы» классы – бул Билим Фестивалынын эң илимий-таанып билүү классы

May 2, 2013, 06:00

Билимбектин лабораториясы» классы – бул балдардын табигый илимдерге болгон кызыгуусун жогорулатууга багытталган БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНЫН эң илимий-таанып билүү классы. Бул жерде эки күнү бою 18- жана 19-майда оригами жана пескография, радиоэлектроника жана техникалык модель жасоо, компьютердик дизайн жана flash-моделдөө боюнча мастер-класстар, ошондой эле кадимкиден башкача “күн” көргөзмөсү, өнүктүрүү оюндары, викториналар жана мындан калышпаган кызыктуу интерактивдүү компоненттер өткөрүлөт! “Билимбектин лабораториясы» классында химия менен физиканын укмуштары көрсөтүлөт. Бул жерде булут кантип пайда болоорун жана башка жаратылыштын көрүнүштөрүн, күн энергиясын (!) гана пайдаланып жумуртка кууруганды өз көзү менен көрүүгө, ошондой “Жаратылыштын жыпар жыттары” игротекасында жыттарды жыттап көрүп жана өз духинин жыпар жытын жаратууга болот!

“Адам денесинин сырлары” мастер-классы “Алекс” интерактидүү модель-роботунун жардамы менен адам кандай түзүлгөн жана адамдын организминин турмуштук баалуу системалары кандай иштей тургандыгы жөнүндө айтып берет.

“Билимбектин лабораториясы” мастер-классында Билим Фестивалынын коноктору пескография жана оригами боюнча түстүү кумдан көркөм композиция түзүү же кагазадан сүйүктүү жаныбарын жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Сиздин балдарыңар “Суу эмне жөнүндө баяндап берет” кызыктырарлык сессияга барып Бишкек шаарынын каналдарынан жана кичине өзөндөрүнөн алынган суунун сапатын изилдөө боюнча тажрыйбаларга катышып, ал тууралуу кызыктуу фактылар жана анын касиеттери жөнүндө билишет! “Ысык-Көлдүн тирүү кенчтери” мастер-классында балдар көлдө жашоочу балыктардын, балырлардын, моллюскалардын жана амфибиялардын модели түрүндөгү өз шедеврлерин жарата алышат! Ал эми МЧСтин (Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлиги) коопсуз жашоо тиричилигинин негиздери боюнча презентациялары менен мультфильмдеринен Сиздер оор кооптуу шарттарда кантип жашап кетүү көндүмдөрүн биле аласыңар!

Кандайдыр бир жаңы нерсени өздөштүрүп, өзү үчүн жаратылыш кубулуштарынын сырларын ачууну, ошондой эле өз шедевирин жаратууну каалагандардын бардыгын 18- жана 19-майда Ч. Айтматов атындагы Орус драм театрында БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНЫН “Билимбектин лабораториясы” классында күтөбүз!