Искусствонун сыйкыры, же ата-энелер куш келиңиздер!!!

February 13, 2013, 06:00

Лекции + мастер-класстар (6-14 жаштагы балдар үчүн) 

2 – март 15:00 

Квиллинг боюнча лекция – мастер класс: Кагаз филиграны! 

Спиральга оролгон кагаз сызыктарынан композицияларды жасалгалоо боюнча лкция. Эту техниканы кагазды буроо же кагаз филнраны деп аташат. Чет өлкөдө аны квиллинг (английс тилинен сөз quilling — quill « куштун канаты» дегенди түшүндүрөт) дешет. 

Баасы -150 сом 


6 – марта 15:00 

Монотипия боюнча лекция – мастер класс: МОНОТИПИЯ (моно- бир, грек тилинен τυπος — из). 

Лекция итилия сүрөтчүсү жана гравер Джованни Кастильонеге (1607—1665) таандык басма графиканын түрү жөнүндө болот. 

Балдар жаратканга жана суктанганга үйрөнүшөт. Антекени кагаз бетине алынган из жалгыз жана уникалдуу болот!!! 

Баасы -150 сом


13 - март 15:00 

Сүрөт боюнча лекция – мастер класс: Натюрморт, портрет, пейзаж, марина – бардык түшүнүксүз сөздөр бизге жакын болот! 

Жвописьтин жанрларынын түрлөрү, графика жана скульптура боюнча лекция. Окутуу оюн түрүндө өтөт. 

Баасы – 150 сом 

 

16 - март 15:00 

Кийиз боюнча лекция – мастер класс: «Өз колубуз менен жазалган белектер!» 

Кимдир бирөөнүн көңүлүн алуу кандай жакшы!!! Кээде бул иш жакындарыбызга жөн гана көңүл бурууну талап кылса, кээбир учурларда өзүбүздүн жетишкендигибиз менен кубантабыз. Мейли, бул кийизден жасалган кичинекей гана гүл болсун, а бирок анын артында зор эмгек жана жасалгалоо тарыхы жатат!!! 

Мастер класстын учурунда балдар педагогдун жетектөөсү менен керемет сыйкырларды жаратышат: гүлдөрдү кезип алып, алардан аксесуарларды жана мыкты белектерди даярдашат 

Баасы – 150 сом


23 – март 15:00 

Чопо менен иштөө боюнча лекция – мастер класс: «Давидди кантип жасоого болот? Скульптураны жаратуунун сыры!» 

Скульптуранын түрлөрү, аны жасоодо колдонулуучу материалдардын түрлөрү, дүйнөлүк искусстводогу чыгармалардын негизиндеги жасалгалоо техникаларынын мисалдары боюнча лекция. 

Баасы – 150 сом


30 - март 15:00 

«Граттаж» техникасы боюнча лекция-мастер: «Графика деген эмне? Ак-каранын искусствосу!». 

Лекция сызыктар, штрихтер, тактар жана чекиттер негизги ролду ойногон икусствонун бир түрү жөнүндө. Балдар графиканын түрлөрү менен таанышып, өз колдору менен “Граттаж” техникасында өздөрүнун сыйкыр-чыгармаларын жаратышат! 

Баасы -150 сом 


18 - апрель 15:00 

Живопись боюнча лекция – мастер класс: «Живопись деген эмне? Улуу чыгармаларда дүйнө кандайча чагылдырылат». 

Балдарга дүйнөлүк искусстводогу живописьтин өнүгүүсү, аткаруунун түрлөрү тууралу билүүгө мүмкунчүлүк берип, сүрөт тартуунун ыкмаларын айтып берет. 

Баасы – 150 сом


25 - апрель 15:00 

Лекция – мастер класс «Тингатинга». 

Живописьтин өзгөчө стили боюнча лекция. Лекциянын аталышы анын негиздөөчүсү, 1960 жж танзания сүрөтчүсү Эдуардо Тингатинганын ысымынан коюлган. Салтту сюжеттер болуп жаныбарлардын сүрөтү, куштардын жана адамдардын сөлөкөттөрү эсептелет. Катышуучулар өз колдору менен Танзанияны жаратып үйлөрүнө алып кетишет! 

Баасы – 150 сом


27 - апрель 15:00 

Кийиз боюнча лекция – мастер класс: Кийиз жана ал тууралу бардык маалымат — сыйкыр, жумшактык, трансформация!!! 

Көчмөндөрдүн эзелки жабдыгы тууралу уламыштар жана табышмактар. Жасалышынын жана колдонуунун ыкмалары – бардыгы балдар үчүн. 

Мастер-класс учурунда катышуучулар сыйкырларды жаратышат: кийизди тоголокто жана аларды жакындарга арналган белектерге айландыруу! 

Баасы – 150 сом


28 - апрель 15:00 

Оригами боюнча лекция – мастер класс: Оригами — бул жапон искусствосуна болгон кызыктуу саякат. 

Жаралуу тарыхы, ыкмаларынын түрлөрү жана жөн гана илгертен келе жаткан кагаздан фигураларды бүктөп чыгаруу искусствосу тууралу лекция. Балдар кагаздан ар кыл фигураларды жаратышып, өздөрү менен Япониянын бир бөлүгүн алып кетишет! 

Баасы – 150 сом


4-май 15:00 

Чий боюнча лекция – мастер класс: Чийден жазалган чыгармалардын жаратуу искусствосу! 

Жазалгалоонун илгерки ыкмалары, азыркы учурга чейинки боз үйлөрдө чийдин колдоонуу жолдору боюнча лекция. 

Баасы – 150 сом 


Балдар лекториясы дүйнөлүк шедеврларды көрүүгө, тема боюнча маанилүү жана кызыктуу маалыматтарды угууга, ошондой эле лекторий мотивациялык оюндардын принцибинин негизинде түзүлгөндүктөн, видео катарларды эске тутуп калууга мүмкунчүлүктөрдү берет. Лекторий материалдарды жакшы өздөштүрүү үчүн мастер-класстар менен коштолот. Анткени кол өнөрчүлүктү өздөштүрүүнүн негизинде түзүлгөн балдар чыгармачылыгы - бул инсандын гармонияда өнүгүүсүнүн бирден бир негизи! 

Өткөрүлүүчү жери - экспозициялык зал, Г.Айтиев атындагы КУКИМ (Абдрахманов көч.,196). 

Лекцияга жазылуу төмөнкү телефондор аркылуу жүрөт: +312 901 956, +312 664 959, +312 660 382, 0558 588 513; email: chnamazbekova@gmail.com, asel.djakypbekova@gmail.com