«Эң мыкты балдар бакчасы» директорийи кайрадан топтоону жүргүзөт

April 2, 2015, 06:00

«Эң мыкты балдар бакчасы» ДИРЕКТОРИЙИ 

жеке балдар борборлорунун жана балдар бакчаларынын жетекчилери үчүн тренинг семинарлардын сериясы

 

2-СЕССИЯ. УЮМДУН КАРДАРЛАРЫ: ТАЛДОО, КАРМАП КАЛУУ

 

Бишкек, 2015-жылдын 27-28-апрели

Сабактардын убактысы – 10.00-17.00

 

 

Жеке балдар бакчалары кардарлар үчүн иштейт. Кардар – бул компаниядагы негизги адам экендиги түшүнүктүү. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн спецификасы ата-энелердин талаптарынын жана балдар бакчасынын кызыкчылыктарынын ортосундагы балансты сактоодо турат.

 

«Директорий» курсунун экинчи сессиясы Силерди кардар менен натыйжалуу иштөөгө жардам бере турган көп сандаган өбөлгөлөр менен тааныштырат (натыйжалуу – демек, кардар да кубанычта, акча да бар).

 

• Өбөлгөлөр, алардын жардамы менен кардарлардын мамилесин өз учурунда байкап жана талдап, чечимдерди өз учурунда кабыл алууга болот. Кардарлар бизди кандай кабылдайт, биздин иште алар эмнени баалайт, эмнени байкабайт? Эмнеге көңүл буруу керек, эмнени этибарга албай коюуга болот? Бизге балдар борборуна келгенде же бизден кетип жатканда кардарлар кандай чечим кабыл алат? Биздин кызмат көрсөтүүлөрүбүздүн баасын кандай «баалашат»?

• Билим берүү бизнесинде кызмат көрсөтүүнү сатуунун өзөктүү ыкмалары.

• Билим берүү кызмат көрсөтүүсүнүн спецификасы биз бала менен да, ата-эне менен да (эки кардар) иштегенибизде турат. Муну кантип эске алуу керек?

• Кардарларга карата ар кандай кызматкерлер – менеджерлер, администраторлор, педагогдор, ассистенттер, бухгалтер, директор жана башкалар эмне кылууга тийиш?

• Уюмдун ар кандай бизнес-процесстеринде (аракеттеринде) кардарга багыт алуу – кызмат көрсөтүү жана аны сатуу, кызмат көрсөтүүгө акы төлөө, бааны белгилөө жана түшүндүрүү, кардар же кызматкер менен чыр-чатак кырдаалындагы аракет, эмгек акыны чектөө, уюмдун сайты, ырааттама жана башкалар.

• Кардарлардын категориялары жана зарыл аракеттер (бир эле нерсени бардык кардарларга карата жасоого болбойт!). Кардарлар базасы – ал пайдалуу болушу үчүн кандай болууга тийиш? 

_________________________________________________________________________________

 

Көп учурда мыкты педагог бизнестин жетекчиси болуп калат. Ал өз ишин жасаганды билет, балдарды жакшы көрөт жана алар үчүн жан-дили менен күйөт, бирок адамга жана уюмга жетекчилик кылууга үйрөнгөн эмес. Демек, ал УЮМДУ БАШКАРУУНУ бир аз ҮЙРӨНҮҮГӨ тийиш!

«Директорий» – тренинг семинарлардын сериясы – бул башкарууну үйрөтүү. Адегенде базалык деңгээл, андан соң – спираль принциби боюнча – улам алда канча татаал маселелер. Ар бир семинар көптөгөн аспекттерди козгойт, бирок темалардын бирине көңүл бурат.

Силер бизнестеги («ишкер дүйнө» көп сандаган пайдалуу өбөлгөлөрдү эбак эле иштеп чыккан, жөн гана силер алар тууралуу билбейсиңер!) жана билим берүүдөгү (кантсе да бул өзгөчө иш!) өбөлгөлөр менен таанышасыңар жана аларды сынап көрөсүңөр.

 

Мындан аркы сессиялардын темалары:

 

3-директорий. «ПЕРСОНАЛ. ЖҮЙӨЛӨШТҮРҮҮ. ЭМГЕК АКЫ»

 

4-директорий. «БАШКАРУУ ӨБӨЛГӨЛӨРҮ»

 

5-6-директорий. «КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН САПАТЫН БАШКАРУУ» (алга илгерилеген деңгээл)

 

_________________________________________

 

Директорий – башкаруучунун ролунда тургандар үчүн – жетекчилер, орун басарлар, багыттардын жана филиалдардын жетекчилери ж.б. жооптуу позицияда тургандардын, бардар борборунда же балдар бакчасында болуп жаткандарга олуттуу таасир эткендердин бардыгы.

 

Директорийдин ар бир сессиясы – бул эки күндүк тренинг семинар (10.00 – 17.00), көзмө-көз же скайп боюнча консультациялар болушу мүмкүн.

 

Тренинг семинардын автору жана алып баруучусу: Мария Миркес, антропоник, башкаруу боюнча бизнес-консультант, «Антропоника мектебинин» директору, көп сандаган билим берүү долбоорлорунун жетекчиси, бир нече китептердин автору (резюме тиркелет, сайт www.antroponika.ru)

 

Уюм жана анын директору биз алар кандай болушун кааласак, ошондой болушу маанилүү жана мүмкүн деп эсептейбиз.

 

Жазылуу төмөнкүдөй телефондор боюнча: 660 384, 0772 800 376 же эл. почта боюнча: asel.djakypbekova@gmail.com (программанын координатору Асель Джакыпбекова). Кең-кесири маалымат төмөнкү сайтта: www.roza.kg