«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду таламдаш компанияларды видеоролик тартуу конкурска катышууга чакырат

March 14, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын “КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу” долбоорунун алкагында таламдаш компанияларды Техникалык тапшырмага (тиркелет) ылайык видеоролик (12-15 мүнөт) тартуу боюнча сунуштарды/сценарийлерди берүүгө чакырат.

 

Өтүнмөлөр 2015-жылдын 30-мартына саат 16.00гө чейин кабыл алынат.

 

Кошумча маалыматтарды төмөнкү телефондор аркылуу алууга болот: 0555 773750, 0772 855710.

 

Презентациялык видеороликти тартууга

ТЕХНИКАЛЫК ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ТАПШЫРМА

 

 

I. Жалпы маселелер

 

1. Уюштуруу чөйрөсүнүн сыпаттамасы, долбоордун негизги багыттары: Окуучулар мектепте жүргөн учурда рационалдуу жана таза тамак-ашты уюштуруу оорунун алдын алуунун жана өлкөнүн өсүп келаткан муунунун ден соолугун сактоонун маанилүү факторлорунун бири болуп саналат. Мектеп тамак-ашы ошондой эле социалдык коргоо чарасы болуп эсептелет, ал мектеп окуучуларынын чабал категорияларын коргоодо өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Ал мектеп окуучуларын толук баалуу тамак-аш, билим менен камсыз кылуу маселелерин чечүүгө көмөктөшөт жана социалдык-экономикалык чөйрөдө башка артыкчылыктарды берет.

 

2. Азыркы учурда башталгыч мектептин окуучуларынын таза тамак-ашка жеткиликтүүлүгү олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Айыл жеринде үй чарбаларынын 24%га жакыны (болжол менен 1,3 млн. адам) азык-түлүк жетишпеген шарттарда жашайт. Мектеп окуучуларынын ден соолугу жагынан мектеп тамак-ашынын жетиштүүлүгүн жана сапатын талдоо жүргүзүлө элек. Кыргызстанда ар бир бешинчи бала тамакты тое жебейт.

 

2006-жылдагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, 5 жашка чейинки балдардын 14%ы толук баалуу тамак ичпегендиктин айынан боюнун өсүшү жагынан артта калган жана ушул курактык топтогу балдар арасында чарчап калуу учурларынын 22%ы тамак-аштын тартыштыгынан келип чыккан. 1-3 жаш курактык топтогу балдар арасында азыктарды керектөөнүн тартыштыгы өзгөчө кооптонууну пайда кылат, аларда калорияны, белокту жана майды керектөөнүн тартыштыгы сунуш кылынган суткалык керектөөнүн 1/3ин түзөт. Анын натыйжасында, өлкөнүн балдарынын дээрлик жарымы аз кандуулуктан жабыркайт. 2006-жылдан тартып Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде кенже класстардын окуучулары мыйзам тарабынан кепилденген мектеп тамак-ашын алат.

 

Балдардын сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жана жергиликтүү саясатты жакшыртууга багытталган күч-аракеттеринде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду аны колдоо аракеттерин уюштурууга көмөктөшүүдө жана «КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» программасын турмушка ашыруу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өнөктөрүнүн бири болуп эсептелет.

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоору тандалган мектептерде тамак-ашты уюштуруу боюнча пилоттук долбоордун программасын жүзөгө ашырат, мектеп ашканаларын, суу-санитардык инфраструктураны реконструциялоого, азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли төмөн болгон райондордогу 250 мектепте жаңы тамактарды киргизүүгө (тамак-аш менен толук камсыз кылуу үчүн) көмөктөшөт.

 

3. Видеороликтин максаты: «КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» программасын турмушка ашыруу жөнүндө жергиликтүү жамааттардын маалымдар болушун арттыруу. Коомчулукка Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоорунун натыйжалары жана жетишкендиктери, мектеп тамак-ашынын улуттук программасын өнүктүрүүгө долбоордун таасири, жамааттар жана мамлекет тарабынан колдоо жөнүндө маалымдоо.

 

4. Видеоролик калтыруучу таасир:

Өкмөт, Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана башка өнөктөр жүргүзүп жаткан иш пайдалуу жана зарыл экенин, бул иштин натыйжасы болуп ийгиликтүү натыйжалуу программа саналаарын коомдун түшүнүшү.

 

5. Роликти көргөн көрүүчүнүн керектүү мамилеси:

мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча долбоорду жактыруу жана колдоо.

 

6. Акыр аягында көрүүчүдө кандай ой калууга тийиш:

Өкмөт, Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана башка өнөктөр коом жана мамлекет талап кылган мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча ийгиликтүү программаны жүзөгө ашырат. Бул программаны турмушка ашыруу алдыдагы жылдарга мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнү аныктайт жана балдарга алда канча сапаттуу билим берүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат.

 

7. Күтүлгөн натыйжалар: Коомдоштукка мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча программанын жүрүшү жана натыйжалары, пилоттук мектептерде мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруунун жаңы моделдерин киргизүүнүн оң тажрыйбасы, мектеп тамак-ашын уюштурууда коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунун, мектеп жанындагы чарбаларды өнүктүрүүнүн тажрыйбасы жөнүндө маалымдалат.

 

8. Ролик багытталган максаттуу аудиториянын спецификасы:

Кеңири коомчулук

 

 

II. Техникалык талаптар 

 

1. Узактыгы 12-15 мүнөт

2. Видеороликтин түрү (окуялык-репортаждык, ийгилик окуялары бар презентациялык сюжет)

3. Тили: кыргыз, орус

4. Форматы: телекөрсөтүү, Интернет үчүн ар кандай булактарда видеофильмдин бир нече форматтарын даярдоо зарыл

5. Түзүү мөөнөттөрү: сигналдык вариант - 2015-жылдын 15-апрелине чейин, финалдык вариант - 2015-жылдын 25-апрелине чейин

 

III. Кызмат көрсөтүүлөрдүн зарыл комплекси: 

 

1. Сценарийди иштеп чыгуу (3 вариант),

2. Бекитилген сценарий боюнча роликтин сметасын жана тайм-планын түзүү,

3. Видеого, фотого тартуу, диктордук тексттерди жазуу, диктордук үн кошуу, тилдерге которуу, монтаждоо.