Кыргызстандын балдары менен жаштарынын ортосунда «Маданият аркылуу тынчтыкка» наамдуу өспүрүм окумалардын Экинчи жалпы шаардык конкурсун өткөрүү жөнүндө жобо

March 20, 2013, 06:00

Конкурс 2013-жылдын 1-февралынан 1-июнга чейинки мезгилде өткөрүлөт.

Конкурстун уюштуруучусу – «Кызгылтым парустар» коммерциялык эмес өнөктөштүгү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте

Конкурс жөнүндө жалпы маалымат

1. Жалпы жоболор

1.1. «Маданият аркылуу тынчтыкка» Кыргызстандын балдары менен жаштарынын ортосунда өспүрүм окумалардын жалпы шаардык конкурсу (мындан ары – Конкурс) – кыргыздын, россиялык жана чет өлкө авторлорунун поэтикалык жана прозалык чыгармаларынан үзүндүлөрдү үн чыгарып окуу (декламациялар) боюнча мелдеш иш-чарасы. Конкурстун алкагында катышуучуларга кыргыз, орус жана дүйнөнүн башка тилдеринде тандап алынган чыгармалардан үзүндүлөрдү окуп берүү сунушталат.

2. Конкурстун катышуучусу

2.1. Конкурстун катышуучусуна Конкурсту координациялоо жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй иш-милдеттер жүктөлөт:

Конкурсту өткөрүүнүн шарттарын аныктоо;

Катышуучуларга Конкурсту өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө бардык маалыматты берүү;

Матераилдарды жана добуш берүүнү тандап алуунун механизмин жана чен-өлчөмдөрүн аныктоо;

Конкурска материалдарды алдын ала тандап алуу;

Уюуштуруу комитетинин курамы жөнүндө чечим кабыл алуу;

Конкурстун натыйжалары жөнүндө маалыматты жайылтуу;

Конкурстун бардык катышуучуларына бирдей шарттар түзүү;

Эскертүү: уюштуруучу Конкурста тандап алынган материалдарды коммерциялык максаттарда колдонбоого милдеттенет.

3. Конкурстун уюштуруу комитети

3.1. Конкурсту даярдоо, уюштуруу жана күнүнкү жумушту ишке ашыруу үчүн уюштуруу комитет түзүлөт. Ал Конкурсту чарбалык жактан камсыз кылуу жана техникалык жактан жабдуу, жюрини тандоо, долбоорду координациялоо, конкурстун жарнактык компаниясын жүргүзүү боюнча бардык уюштуруучулук маселелерди аныктайт, конкурсту өткөрүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди карайт, жеңүүчүлөрдү аныктап, аларды сыйлоону уюштурат.

3.2. Уюштуруу комитети Конкурстун корутунду бөлүмүн алып көрсөтүү (уктуруу) жана лауреаттарды радио жана телекөрсөтүү боюнча сыйлоо укугун, ошондой эле аудио, видео, CD, DVD жазмаларына эксклюзивдик укукту жана аларды кошумча калем акысыз жайылтууну ишке ашырат.

3.3. Конкурстун уюштуруу комитети:

Тарасова И.В. – Уюштуруу комитетинин төрайымы, КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын балдар жана жаштар программаларынын студиясынын режиссеру;

Койчукулова Ж. – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору.

Конкурстун уюштуруу комитетинин байланыштары 11.00дөн 19.00 саатка чейин

4. Конкурстун максаттары жана милдеттери: 

4.1. «Маданият аркылуу тынчтыкка» Кыргызстандын балдары менен жаштарынын ортосунда өспүрүм окумалардын жалпы шаардык экинчи коркунсу (мындан ары – Конкурс) «Кызгылтым парустар» коммерциялык эмес өнөктөшүүсүнүн демилгеси боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте өткөрүлөт. Максаты – коомчулуктун балдар жана өспүрүмдөр арасында текст окуунун проблемаларына көңүлүн буруу жана таланттуу жаштарга ар тараптан колдоо көрсөтүү.

4.2. Конкурстун милдеттери:

4.2.1. Өсүп келе жаткан муунду руханий-адеп-ахлактык жана маданий дөөлөттөр менен баарлаштыруу:

  • балдардын окурмандык дүйнө таанымын кеңейтүү;
  • кыргыздын, орустун, чет өлкө адабияты менен драматургиясынын жогорку көркөмдүктөгү прозасын жана поэзиясын окууга конкурсанттардын чыныгы кызыкчылыгын, татымын жана адаттарын калыптантуу жана колдоо көрсөтүү;
  • мелдешүү формасында чыгармалардын көркөмдүгүн жана маани-маңызын, алардын туюнтуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, чыгармалардын жандуу үн менен угулушу үчүн шарттарды түзүү.

 4.2.2. Өсүп келе жаткан муундун жана чоңдордун жүрөгүндө жана аң-сезиминде жакшы касиеттерди чыңдоо (ойготуу):

  •  жалпы адамзаттык руханий дөөлөттөрдү, жаштарды нравалык жактан тарбиялоо;
  •  адамдын адамга жана бардык жандуу нерселерге түтүмдүүлүгү жана кайрымдуулугу;
  •  руханий дөөлөттөргө жана аларга сарамжал мамиле кылуунун социалдык маанисин аңдап билүү;
  •  балдарда басма маалыматтын маанилеш кабыл алуу көндүмдөрүн балдарда өөрчүтүү, чечендик өнөрдүн негиздерин үйрөтүү.

 4.2.3. Көркөм окуу өнөрүн кеңири жайылтуу бардык категориялардагы катышуучулардын эң көп санын конкурска тартуу аркылуу угузулган речтин чыныгы алып жүрүүчүлөрүнө анын тазалыгын жана сулуулугун кызыгып туруктуу түрдө таанышына колдоо көрсөтүү. Бардык категориялардагы катьышуучулардын эң көп санын конкурска тартуу;

 - үй-бүлүлүк окуунун салттарын кайра жаратуу, калктын сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу.

 4.2.4. Чыгармачыл интеллигенциянын жана кеңири коомчулуктун көңүлүн социалдык мааниси бар жагдайларга тартуу, чыныгы эстетикалык руханий дөөлөттөрдү бийик адабий эстрададан алып жүрүүгө жөндөмдүү лингвистикалык жана артисттик жактан зээндүү өспүрүмдөрдү жана жаштарды тартуу; аларга өз таланттарын тышка чыгарышына мүмкүнчүлүктөр берүү.

 4.2.5. Ушул өнөргө жана анда иштөөнүн бардык аткаруучулук номинациялары менен иштин методикасына үйрөтүү боюнча кошумча билим берүү мекемелеринин жана мектеп окуучулары үчүн чыгармачыл лаборатория катары конкурстук базаны түзүү жана чыңдоо.

 4.2.6. ЖМКнын проблеманы чагылдырууга кызыкчылыгын жогорулатуу;

 - ЖМКда конкурстун катышуучуларынын жетишкендиктерин чагылдыруу.

 5. Конкурска катышуунун шарттары

 5.1. Конкурстун катышуучулары

 Конкурс бардык каалоочулар үчүн өткөрүлөт: жалпы билим берүүчү мектептердин, лицейлердин, гимназиялардын окуучуларына; орто, атайын жана жогорку окуу жайлардын студенттерине жана 8ден 20га чейинки курак категориясындагы окурмандарга.

 6. Билдирме

 6.1. Конкурска катышуу үчүн негиз болуп Уюштуруу комитетине тапшырылган төмөндөгүдөй документтер негиз болуп эсептелет: Конкурска катышууга билдирме жана Конкурстун катышуучусуна анкетаны толтуруу, буларга 3х4 өлчөмүндөгү фотография, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн же паспорттун көчүрмөсү тиркелет.

 6.2. Билдирме электрондук ташыгычта жана кагазда адабий материалды тиркөө менен гана кабыл алынат.

 6.3. Эгерде Конкурстун катышуучусу окуу, социалдык же башка мекемеден келген болсо мектеп конкурсунун ышкыбоозу катары тааныштырылат, анда кошумча иретинде билдирмеге төмөндөгүлөрдү көрсөтүү зарыл: жюри мүчөлөрүнүн Фасы, окутуучулардын (толугу менен ФАсы) көрсөтүлүү менен окуу жадын базасында Конкурстун мектептеги этабын өткөрүү протоколу; мекеменин аталышы жана адреси; жюринин төрагасынын телефон номери. Окуу жайдын директорунун мөөрү жана кол тамгасы болушу милдеттүү. Окуу жайдын базасында Конкурстун биринчи этабы (I-тур – 2013-жылдын 28-февралына чейин окуу жайлардын ичинде өткөрүлөт).

 Эскертүү: Окуу жайдан үч гана атаандаш көрсөт үлүшү мүмкүн, булар Конкурстун II-туруна Жалпы шаардык конкурска катышуучуга билдирмеси катталгандан кийин өзүнөн өзү катталат.

 6.4. Катышууга билдирмелер 2013-жылдын 1-апрель чейин толук толтурулгандан кийин гана 17.00 саатта төмөндөгү адрес боюнча кабыл алынат: Бишкек ш. Абдракманов көч. № 208, Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы,

 Бектенов Акжолтой, директордун кабылдасамындагы катчы

 Моб 0 773 505354 жумуш т. 304675, факс 304688

 6.5. Билдирмелерде бир эле чыгармалардын авторлору көрсөтүлгөндүгү билинсе Уюштуруу комитети кийинки билдирүүчүлөргө чыгармалардын башка үзүндүлөрүн аткарууну сунуштоого укугу бар.

 6.6. Талапкер Конкурска катышуудан баш тартса, документтери кайтарып берилбейт.

 6.7. «Маданият аркылуу тынчтыкка» Кыргызстандын балдары менен жаштарынын ортосундагы өспүрүм окумалардын 2012-жылы өткөн биринчи жалпы шаардык Конкурстун жеңүүчүлөрү ушул конкурска катышууга укугу жок. Кийинки Конкурстарда алар башка катышуучулар менен тең укукта катышууга укугу бар.

 7. Конкурстун шарттары

 7.1. Конкурстанттарга көркөм окуу үчүн кайсы жанрда болсо да бир эле чыгарма тандап алышы мүмкүн: өлөң (стихотворение), тамсил, жомок, чакан баян, аңгеменин үзүндүсү, повесттер, очерктер (логикалык жактан аяктаган үзүндүсү) булар декламация жүзүндө жат айтылуучу орус, кыргыз жана дүйнөнүн башка тилдериндеги чыгармалар болушу мүмкүн. Тематикалары эркин тандалып алынат.

 7.2. Сунушталуучу репертурарлары:

 Поэзия, проза, очерк адабияты.

Балалыктын түркүн түстүү дүйнөсү.

Дүйнөнүн жаштыгы – очерк адабияты, эссе (азыркы жаштардын адабий портреттери, ошондой эле өткөн ылдардын чыгармалары да киргизилиши мүмкүн).

Ири пландагы Адам.

Биздин кичинекей туугандарыбыз.

Түбөлүктүү баалуулуктар – сүйүү, достук жана берилгендик.

Менин үйүм – Ата Мекеним.

Менин үйүм – үй-бүлөм.

Улуу сындар

Түпкү башаттар жана тамырларыбыз.

Искусствонун ар кайсы түрлөрүнө жана жанрларына арналган көркөм чыгармалар, очерктер, эссе

8. Чыгып аткаруунун узактыгы:

 8.1. Конкурстун ар бир катышуучусунда бир чыгарманы аткаруу 3-5 мүнөттөн ашпоого тийиш.

 8.2. Ар бир чыгарманы аткаруунун узактыгы милдеттүү түрдө билдирмеде көрсөтүлөт.

 8.3. Аткаруу учурунда музыкалык коштоочу чыгармалар, жасалгалар, костюмдар пайдаланылса болот.

 8.4. Конкурстун ар бир катышуучусу өз алдынча чыгат да аткаруу учурунда башкаларга жардам бербөөгө тийиш.

 8.5. Катышуучусу жазылган үндү пайдаланууга акысы жок.

 8.6. Конкурстук угуу эл алдында жүргүзүлөт. Аткаруунун тартиби чүчүкулак менен аныкталат.

 8.7. Конкурстун башталышына, угуузууга кечигип калган катышучулар жюринин өзгөчө тескемеси боюнча гана коё берилет.

 9. Финансылык шарттары

 9.1. Конкурстун катышуучуларынын максаттуу мүчөлүк акысы – 100 сом, муну уюштуруу комитетинин бет эсебине колдонушатна лицевой счёт Председателя Оргкомитета Тарасовой Ирины Викторовны счета UniCreditBank № 41715002633.

 9.2. Жыйналган максаттуу мүчөлүк акылардан Конкунрсту өткөрүү боюнча тейлөө кызматтарынаакы төлөнөт( жарык жана үн техникалык жабдуу шайманды, административдик техникалык кызматчыларга, административдик чыгымдар).

 10. Конкурстун этаптары өткөрүүлүчү жер жана мөөнөттөрү

 10.1. Жеке адамдар үчүн биринчи турду Конкурстук угуу 2013-жылдын c 11 по 30 апреля чейин өткөрүлөт. Адреси : Бишкек ш. Абдракманов көч. № 208, Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы 17 саат

 10.2. Тандап алуу турунан өткөн конкурстун бардык катышучулары II турда катыша алышат.

 II тур 2013-жылдын 15-май 30на чейин өткөрүлөт.

 Адреси: Бишкек ш. Абдракманов көч. № 208, Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы 17 саат

 10.3. Конкурстун финалдык туру жана анын жыйынтыктарын салтанаттуу өткөрүү 2013-жылдын 1-июнга 14.00дөн 17 саатка чейин

 Адреси : Бишкек ш. Абдракманов көч. № 208, Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы

 10.4. Конкурстун жарым финалисттери үчүн жетимдүү технологияларга ээ болу максатында көркөм окуу боюнча сценалык речтин жана актерлук чеберчилик жагында адистер менен бирдикте мастер-класстар өткөрүлөт: текст, сөз, үндүн, дене бой ж.б. коштоосунда. Каалоочуларга ушул чыгымдарга жумшалуучуакчалай каражаттарды алдын ала карап коюшу зарыл.

 11. Аткарылган иштерге баа берүү

 11.1. Конкурстун катышуучуларына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн алардын даярдыгынын деңгээлин эсепке алуу менен төмөндөгүдөй аткаруучулук категориялары боюнча конкурс өткөрүлөт:

 1 топ: «Алгачкы кадамдар» 8ден-11 жашка чейинки балдар (кенже мектеп окуучулары)

 2-топ: «Өспүрүм курак» 12ден 15 жашка чейинки балдар (орто мектеп)

 3-топ: «Жаштык» буга 16дан 20 жашка чейинки өспүрүмдөр жана кыздар (жаштар)

 4-топ: «Өзгөчө балдар» (мүмкүнчүолүктөрү чектелүү балдар) 8ден 20 жашка чейинкилер

 11.2. Жюринин баа берүүсүнүн негизги чен-өлчөмдөрү:

  • тексти билиши;
  • адабий материалдын көркөмдүк жактан мааниси жана анын жаш курагына жана аткаруучунун жеке өзүнчөлүгүнө шайкеш келиши;
  •  аткаруучулук чеберчилик: аткаруучу тарабынан өзгөчө милдетти аңдап билиши жана анны ээрчий жүрүшү, келечекте ойду туюнта билиши;
  •  көрө билүүнүн тактыгы жана айкындыгы, аткаруу манерасынын эмоциялык-экспрессиялык жактан көркөмдүгү;
  •  үндү алып баруу кирүүчү речтин техникасы: речтин, дикциянын жалпы тактыгы жана таамайлыгы; орфоэпиясы; угулган речтин логикасы; туюнтулушу жана тактыгы (логии калык басымы, интонациясы, ритмикалык тактыгы (тембри), сценалык маданияты( кийими, манерасы, ички өзүн өзү дыкан кармашы); режиссердук чечиминин дыкандыгы, сунушталган теманын бүтүндүгү.

 12. Баа берүү шкаласы

 12.1. Ар бир аткаруу жюринин ар бир мүчөсү тарабынан 5 баллдык шкалы боюнча бааланат, аткаруучунун жалпы баасы балдардын суммасы аркылуу аныкталат.

 12.2. Жыйынтыктары жабык кеңешмеде жөнөкөй добуш менен аныкталат. Жюринин чечими протокол менен жол-жоболоштурулуп, жабык информация катары эсептелет жана даттанылууга тийиш эмес.

 13. Жеңүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлоо

 13.1. Конкурстун биринчи турунун жеңүүчүлөрү деп баллдардын эң көп санын топтогон катышуучулар эсептелет.

 13.2. Мектеп турунун жеңүүчүлөрү Конкурстун экинчи турунун катышуучулары катары өзүнөн өзү таанылат жана төмөндөгүлөргө милдеттүү ……………………

 Катталууга ……………………………………….Адреси : Бишкек ш. Абдракманов көч. № 208, Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы

 17 саат 2013-жылдын 1-апреля чейин 17.00 саатка чейин

 13.3. Конкурстун экинчи турунун жеңүүчүлөрү деп 10 катышуучу эсептелет (ар бир категорияда), буга баллдардын эң көп санын алгандар кирет. Экинчи турдун жеңүүчүлөрү конкурстун финалдык туруна катышуучулар катары эч тоскоолдуксуз кирүүгө акысы бар.

 13.4. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо жөнүндө чечимди Тандап алуу комиссиясынын көрөстүүсү боюнча Уюштуруу комитети конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо жөнүндө чечим кабыл алат.

 13.5. Уюштуруу комитетинин чечимдери ачык добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш аркылуу кабыл алынат. Добуштар бирдей чыгып калса Уюшутуруу комитетинин төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Уюштуруу комитетинин жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн теңинен көбү катышса, жарактуу деп эсептелет.

 13.6. Уюуштуруу комитетинин мүчөлөрү Конкурс аяктаганга чейин Конкурстун орто аралык жана акыркы натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жарыя кылбоону камсыз кылууга милдеттүү.

13.7. Финалдын жеңүүчүлөрү баллдардын эң көп санын топтогон 3 катышуучу боло алат (ар бир категориядагы). Алар Конкурстун лауреаттарынын дипломдору жана баалуу байгелер менен сыйланышат.

13.8. Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоого арналган салтанаттуу финалдык каада

2012-жылдын 12-майында …………………………………………… төмөндөгү адрес боюнча …………..өтөт.

13.9. Конкурстун финалдык турунун ар бир катышуучусу катышуучунун сертификатын алат.

14. Конкурстун байгелик фонду

14.1. Конкурстун уюштуруу комитети топтор боюнча төмөндөгүдөй сыйлыктарды аныктайт:

Iтоп: 8ден 11 жашкачейин (кенжемектепокуучулары):

1-сыйлык – Iбиричидаражадагыларуеатнаамы, жеңүүчүнүнкубогужанаэлектрондуккитеп

2-сыйлык IIдаражадагы лауреаттык наам жана электрондук китеп.

3-сыйлык – IIдаражадагы лауреаттык наам жана өткөргүчсүз стерео кулака таккычтар

II топ: 12ден 15ке чейинки (орто мектеп):

1-сыйлык – Iдаражадагы лауреаттык наам, жеңүүчүнүн кубогу жана электродук саат

2-сыйлык – IIдаражадагы лауреаттык наам жана электродук китеп

3-сыйлык– III-даражадагы лауреаттык наам жана өткөргүчсүз стерео кулалка таккычтар

IV топ: Өзгөчөлүү балдар

1-сыйлык – I-даражадагы лауреаттык наам, жеңүүчүнүн кубогу жана электрондук китеп (түстүү)

2-сыйлык – II-даражадагы лауреаттык наам жана электродук китеп

3-сыйлык – IIIдаражадагы лауреаттык наамжана өткөргүчсүз стерео кулака таккычтар

Гран-при – ……………………………….га кыдыруу

14.2. Демөөрчүлөр жана башка кызыкдар уюмдар атайын байгелерди жана кокурстун жюриси менен макулдашуу боюнча сыйлыктарды уюмдаштыра алышат.

14.3. Лауреат болбой калышкан кокунрстун катышуучулары Сертификаттар менен сыйланышат.

15. Конкурстун жюриси

15.1. Жюринин курамы КР маданият министрлигинин өкүлдөрүнөн, кесипкөй артисттерден жана режиссерлордон, ырчылык өнөрдүн окутуучуларынан (көркөм окуу), жазуучулардан жана акындардан, маданият менен искусствонун ишмерлеринен, кыргыз жана орус тилиндеги мугалимдерден, коомдук ишмерлерден куралат.

15.2. Жюринин курамын дайындоо укугу жана Конкурстук угууларды өткөрүүнүн датасына өзгөртүү киргизүү укугу уюштуруучулардын өзүндө калат.

15.3. Жюриде төмөндөгүдөй укуктар да калат:

- байгелердин бардыгын ыйгарбоо;

- атайын байгелерди ыйгаруу.

Эскертүү: «Маданият аркылуу тынчтыкка» Кыргызстандын балдары менен жаштары арасындагы өспүрүм окумалардын жалпы шаардык экинчи Конкурсун өткөрүү жөнүндө өткөрүү жөнүндө Анкетанын формасы Интернеттин … сайтына жайгаштырылат.

Конкурстун уюштуруу комитети менен байланышуу убактылары 11.00дөн 19.00 саатка чейин …………………………….

же Konkurs-ritorica@mail.ru электрондук почтасы боюнча

Окумалардын конкурсуна катышууга билдирме


Фамилия, Аты, Атасынын аты ___________________________________________________

ката кетирип албаш үчүн басма тамгалар менен жассаңыз

Туулган датасы «_____»_______________19_ж. эркек  /  аял

Окуган жери (окуу жайы, классы/курсу) же иши (кызмат орду) _______________________


_____________________________________________________________________________


Үй адреси: ____________________________________________________________________


_____________________________________________________________________________


Телефону ____________________________________________________________________


Чет өлкө паспортунун болушу ___________________________________________________


Чыгармасынын аталышы _______________________________________________________


Автору _______________________________________________________________________


Аткаруучу чыгармасынын узактыгы _____________ аткаруучу тили ___________________


Ата-энеси жөнүндө маалымат


Энеси (ФАА) _________________________________________________________________


Телефону ____________________________________________________________________


Атасы (ФАА)_________________________________________________________________


Телефону _____________________________________________________________________

Эгер Сиз менен байланышууга мүмкүн эмес болсо, шашылыш учурда байланыша турган адамдын атын жазып коюңуз (ФАА) ­­­­­­­­-____________________________________

Ким аркылуу жиберилет ______________________________________________________

Телефону ____________________________________________________________________

Конкурс тууралуу кантип билип калдыңыз?

  •  жалпыга маалымдоо каражаттарынан
  •  жоро-жолдоштордон
  •  жарнактан
  •  интернеттен
  •  ж.б.дан

Конкурстун эрежелери менен тааныштым 20__ж. «____»______________