Жибек-Жолу көргөзмөсү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кийиз дүйнө» коомдук фонду менен бирдикте 2019-жылдын 5-апрелинен 28-апрелине чейин Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» деген интерактивдүү көргөзмөнү өткөрдү. Иш-чаранын идеясы – интерактивдүү методдорду колдонуп, келүүчүлөргө Улуу Жибек жолундагы өлкөлөр жөнүндө маалымат берүү, шаарларды жана өлкөлөрдү бириктирген байыркы жана жаңы жолдун азыркы статусун жана келечектерин көрсөтүү. Бул өз кезегинде, өз ара урматтоону күчөтүүгө, достукту чыңдоого, адамдардын жана элдердин ортосунда соода жана туризм жагынан ийгиликтүү кызматташтыкка көмөктөшөт. Кыргызстан – Жибек жолундагы мамлекет. Тарыхый маалыматтарга ылайык, товарлары бар кербендер Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб, Барскан, Ат-Башы, Тоң жана башкалар аркылуу өткөн. Балдар Кыргызстандын географиясы, маданияты, салттары жана үрп-адаттары жана биздин коңшуларыбыз жөнүндө адамдын өзүнөн угушу өтө маанилүү. Алар окуу китептери менен гана чектелип калууга тийиш эмес. Алар өз көзү менен көрүп, колу менен кармап көрүп алган билимдери алардын эсинде түбөлүккө калат. Көргөзмөдө келүүчүлөр Жибек жолундагы өлкөлөр, алардын биологиялык ар түрдүүлүгү, суу ресурстары, пайдалуу кендери, алардын маданияты жана ал жакта жашаган этностор, алардын салттуу кийимдери, балдар оюндары, ушул өлкөлөрдүн ар биринин ырлары жана бийлери жөнүндө базалык маалыматты ала алды. Көргөзмөгө Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Кытайдын, Индиянын, Ирандын, Монголиянын, Япониянын, Түштүк Кореянын, Пакистандын, Афганистандын элчиликтери катышты. Иш-чаранын учурунда катышкан өлкөлөрдүн ар бири Улуттук күндүн алкагында өзүнүн маданий программасын презентациялады, алсак, музейдин жыйын залында өлкөнүн тарыхый ажайып жерлери жөнүндө лекциялар өттү, өлкө боюнча видео-саякаттар, ошондой эле музыкалык презентациялар, мода көрсөтүү жана башкалар уюштурулду. Көргөзмөгө келгендер Жибек жолу аркылуу ташылган товарлардын: жибектин, чайдын, специялардын, күрүчтүн сортторун жана түрлөрүн кең-кесири карап көрдү жана мастер-класстарга катышты. Ошондой эле атайын интерактивдүү аянтчаларды иштеп чыкты. Мисалы, ар бир катышуучу кийизден «жандуу географиялык пазл-картаны» түзө алды. Көргөзмөдө бир кыйла мастер-класстар болду. Алсак, Кытайдын күнүндө каллиграфияга окутуу өткөрүлдү, Япониянын күнүдө – чай аземи жана оригами боюнча мастер-класс, Кыргызстандын күнүндө кийиз басуу жана андан ар кандай буюмдарды жасоо өткөрүлдү, Ирандын күнүндө салттуу иран куурчактарын жасоо боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Ошондой эле балдар адабияты жана чыгыш поэзиясы, экологиялык билим берүү, ак илбирс үчүн күндөр атайын бөлүндү. «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясынын алкагында өлкөнүн белгилүү жазуучулары, ошондой эле Кыргыз Республикасында катышкан өлкөлөрдүн элчилери балдар китептеринен салттуу жомокторду окуп берди.

Долбоордун максаттары:

Мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдарды, өспүрүмдөрдү, улан-кыздарды жана алардын ата-энелерин жалпы билим берүүчү, маданий жана инновациялык билимдерге, ошондой эле аларда ар кыл элдердин этностук ар түрдүүлүгүнө жана маданий өз алдынчалыгына өз ара урматтоону тарбиялоого окутуу.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто