Инклюзивдик билим берүү – келечекке карай жол

2015-жылдын декабрында «Инклюзивдик билим берүү – келечекке карай жол» маалыматтык-пропагандалык кампаниясы» долбоору старт алды, анын максаты мектепке чейинки билимге бирдей жеткиликтүүлүк жөнүндө коомго маалымдоо болуп саналат. Азыркы учурда Москва районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын билимге жеткиликтүүлүгү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлүп жатат. Долбоордун алкагында 6 жаш курактагы бардык балдар, анын ичинде өзгөчө муктаждыктары бар балдар мектепке кирээр алдындагы даярдыктын бир жылдык программасынан өтөт. Бул ДМЧ балдардын так санын белгилөөгө гана эмес, ошондой эле ата-энелерге жана мугалимдерге баланы багуу боюнча конкреттүү сунуштамаларды берүүгө, ал эми балага ал үчүн алгылыктуу деңгээлде жана көлөмдө мектепке даярдоо программасынан өтүүгө мүмкүндүк берет. Долбоордун алкагында өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билимге жеткиликтүүлүгүнүн темасы газеталарда, телекөрсөтүүдө жана радиодо чагылдырылат. Өнөктөр: КР Билим берүү жана илим министрлиги

Долбоордун максаттары:

Максаттар: өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн жагымдуу болгон билим берүү чөйрөсүн түзүү аркылуу өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн билимге жеткиликтүүлүктү арттыруу

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто