Баракчага өтүү

Мекендештер Форуму

«Мекендештер» форуму – чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин, кыргызстандыктардын бирикмелеринин, диаспораларынын, бизнестин жана бийликтин иштиктүү диалогу үчүн заманбап аянча, ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасындагы Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен Швейцариялык эл аралык кызматташтык боюнча бюронун грантынын алкагында түзүлгөн. Форумдун катышуучуларынын талкуулары мигранттарды жана диаспораларды бириктирүүгө жана алардын көп сандаган маанилүү маселелерин чечүүгө, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга, жетишкендиктерди көрсөтүүгө жана мекендештердин инвестициялары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө агып келишин андан ары стимулдаштырууга багытталган. 2012-жылдан тартып Форум чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин, кыргызстандыктардын диаспораларынын өлкөнүн өкмөттүк түзүмдөрү жана коомдук уюмдары менен диалогу жана «тикелей байланышы» үчүн аянтча болуп калды. Долбоордун максаттары жана милдеттери: Чет өлкөлөрдөгү мекендештер жана кыргызстандыктардын диаспоралары менен системалуу жана иштиктүү өз ара аракеттенүүнүн өтө зарылчылыгы мекендештердин Бүткүл дүйнөлүк «Мекендештер» форумун өткөрүү жөнүндө идеяга түрттү. Форум чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз дуушарланып жаткан социалдык жана саясий көйгөйлөрдү табууга жана чечүүгө багытталган. Бир жактан, потенциалдуу мигранттардын атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн жогорулатуу маселелери жана барган өлкөлөрдө аларды ийгиликтүү интеграциялоо үчүн диаспораларды чыңдоо жана, экинчи жагынан, Кыргызстанды өнүктүрүүгө финансылык, интеллектуалдык жана технологиялык инвестициялар үчүн стимулдарды түзүү жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү өзгөчө актуалдуу болуп саналат. «Мекендештер» IV форумунун сунуштамаларын эске алып, КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын ноябрында «КР Президентине караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Долбоордун максаттары:

Форум чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз дуушарланып жаткан социалдык жана саясий көйгөйлөрдү табууга жана чечүүгө багытталган. Бир жактан, потенциалдуу мигранттардын атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн жогорулатуу маселелери жана барган өлкөлөрдө аларды ийгиликтүү интеграциялоо үчүн диаспораларды чыңдоо жана, экинчи жагынан, Кыргызстанды өнүктүрүүгө финансылык, интеллектуалдык жана технологиялык инвестициялар үчүн стимулдарды түзүү жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

Баракчага өтүү

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто