«Илимдеги кыздар» II этап

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Инновациялык колледжи, «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси жана “Enactus” КБ менен бирдикте ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырып жатат. ДОЛБООРДУН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ Долбоордун максаты – өспүрүмдөрдү илимге жана техникага шыктандыруу, алардын жүйөөсүн арттыруу жана жаңы кесиптерге окутуу үчүн шарттарды түзүү. Фонддун негизги милдети – пилоттук жалпы билим берүүчү, мектептен тышкаркы, мектепке чейинки уюмдарда, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө пландарга социалдык, гендердик жактан сезимтал педагогиканы киргизүүнү эске алуу менен ишти пландаштырууну жакшыртууга көмөктөшүү. ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРУУ МӨӨНӨТТӨРҮ 2023-жылдын апрели – 2024-жылдын ноябры ДОЛБООРДУН ГЕОГРАФИЯСЫ Кыргыз Республикасы: 1) Кызыл-Кыя шаары, Баткен 2) Ноокат району, Ош 3) Сузак району, Жалал-Абад 4) Аламүдүн району, Чүй 5) Ысык-Ата району, Чуй 6) Кочкор району, Нарын 7) Ат-Башы району, Нарын ДОЛБООРДУН МАКСАТТУУ ТОПТОРУ Пилоттук мектептердин администрациялары, STEM мугалимдер, ата-энелер, мектептин парламенти, мектептин президенти, райондук билим берүү бөлүмдөрү, областтык методикалык борборлор, райондук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү кеңеш жана ЖМК.

Долбоордун максаттары:

Өспүрүмдөрдү илимге жана техникага шыктандыруу, алардын жүйөөсүн арттыруу жана жаңы кесиптерге окутуу үчүн шарттарды түзүү.

Долбоордун өнөктөштөрү

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто