10 жыл

2012-жылдын январында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду түзүлгөн. Быйылкы жылы Фонд 10 жылдык мааракесин белгилейт жана бул окуя айрым жыйынтыктарды чыгаруу үчүн негиз берет. Бул жылдардын ичинде биз зор жана маанилүү иштерди аткардык, алар төмөнкүлөргө багытталган: · адамды өнүктүрүүгө, жарандык катышууну кеңейтүүгө, жарандык коомду чыңдоого көмөктөшүүгө; · билим берүүчү, маданий, экологиялык жана кайрымдуулук программаларын жана долбоорлорун жүзөгө ашырууга; · тынчтыкты сактоочу демилгелерди колдоого, эл аралык саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелери боюнча коммуникациялык аянтчаларды кеңейтүүгө. Фонддун көп сандаган демилгелери жана долбоорлору борбор шаардын жана өлкөнүн алыскы региондорунун балдарына жана чоң кишилерине, жаштарына жана кары-картаңдарына, тургундарына, билим берүү, маданий, медициналык мекемелерине, балдар бакчаларына, мектептерге, ЖОЖдорго, музейлерге, театрларга, китепканаларга багытталды. Ушул мааракелик жылда бардыгы эмнеден башталганын эске түшүрүүнү сунуш кылабыз, ушул он жыл аралыгында ишке ашырылган бардык демилгелер жана долбоорлор жөнүндө айтып беребиз, кандай натыйжаларга жетишкенибизди көрсөтөбүз жана, албетте, келечек пландарыбыз менен бөлүшөбүз.

Долбоордун максаттары:

Фонддун 10 жылдыгына арналат

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто