Миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ), БУУ-Айымдар жана Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ), «CDA» КБ жана «АТиК» КФ менен бирдикте БУУнун Тынчтыкты жаратуу фондунун финансылык колдоосу менен «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун негизги максаты төмөнкүдөй негизги натыйжаларга жетишүү аркылуу коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө турат: • Максаттуу коомдоштуктар тынчтыкты жаратууда жана коомду өнүктүрүүдө кыз-келиндердин ролун жана салымын тааныйт жана колдойт. • Миграцияга кабылган кыз-келиндерге өз укуктарын коргоо жана коомдордун тынч өнүгүшүнө катышуу үчүн коомдоштуктарда саясий, экономикалык жана социалдык укуктар берилген. • Улуттук жана жергиликтүү бийликтер саясатты иштеп чыгууда социалдык инклюзивдүү ыкмаларды колдонот жана миграция козгогон коомдордо жергиликтүү деңгээлде гендердик факторлорду эске алуу менен тынчтыкты жаратууну ишке ашырат. Бул долбоордо Кыргыз Республикасында миграция козгогон жана чыр-чатактарга кабылган коомдордо кыз-келиндердин укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын тынчтыкты жаратууга жана жамааттарды ар тараптан өнүктүрүүгө катышуусуна түрткү берүүчү жагымдуу коомдук жана саясий шарттарды түзүү үчүн комплекстүү ыкма сунуш кылынат. Долбоор миграцияга карата алда канча чабал кыз-келиндердин тынчтыкты жаратууга жана жамааттарды ар тараптан өнүктүрүүгө катышуусун кеңейтүү, алардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана кыз-келиндердин потенциалын арттыруу аркылуу алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшөт. Максаттуу топтор өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) мажбурлаган миграцияга туруштук бере албаган кыз-келиндер (жумушсуздар, ажырашкан аялдар жана мажбурлаган миграцияга кабылышы мүмкүн болгон кыздар/келечектеги потенциалдуу мигрант айымдар); 2) кайтып келип жаткан мигрант кыз-келиндер (алар кайрадан орун которууга потенциалдуу аргасыз болушу мүмкүн). Кыргызстанда кыз-келиндердин миграциядан келип чыккан чабалдыктарынын көпчүлүгү коомдо калыптанган зыяндуу гендердик ченемдердин натыйжасы болуп саналат, алар акыр аягында коомдоштуктардын өнүгүшүндө айымдардын ролу төмөндөшүнө түрткү болот, ошондуктан сунуш кылынып жаткан долбоор зор мааниге ээ болот жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдогон позитивдүү ченемдерди алга илгерилетүү жана коомдоштуктардын тынч өнүгүшүндө мигрант айымдардын ролун таануу аркылуу коомдогу мамилелерди өзгөртүүгө багытталган чараларды көрүү үчүн катализатор болуп калат. Долбоор миграцияга кабылган кыз-келиндерге гана эмес, анын ичинде эркектер менен балдарга, ошондой эле максаттуу муниципалитеттердеги коомдоштуктун башка мүчөлөрүнө багытталган. Долбоор 2018-жылы жүргүзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 Резолюциясын аткаруу боюнча Улуттук Иш-аракеттер Планынын (2016-2017-жылдарга УИП) баяндамасынын натыйжаларын эске алып, Тынчтыкты жаратуунун Артыкчылыктуу Планын ишке ашырууну тездетүүгө багыт алуу менен Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан колдоого алынууда. Бул долбоор Кыргызстанда мигрант айымдардын өзгөчө чабал тобунун жетишсиз ишке тартылышы жана жетишсиз экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен байланышкан, ошондой эле айымдарга карата экономикалык зомбулук катары квалификацияланган чыр-чатактуу тобокелдиктерди жоюу аркылуу өлкөдө тынчтыкты жаратуу процессинде табылган кыйчалыштуу көйгөйлөрдү жоюуга мүмкүндүк берет. Максаттарга жетишүү үчүн долбоор өкмөттүк өнөктөр (Мамлекеттик миграция кызматы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Улуттук парламент, Кыргыз Республикасынын Депутат айымдарынын форуму, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) менен иштейт. Долбоор Кыргызстандын төмөнкүдөй 4 областында ишке ашырылат: Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас областтары.

Долбоордун максаттары:

Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Долбоордун өнөктөштөрү

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто