Обучающие лагеря для будущих общественных активистов

Кыргыз Республикасы мигранттар, кыйла даражада эмгекчи мигранттар чыккан өлкө бойдон калууда. Жумушсуздуктун сакталып жаткан жогорку деңгээлинен жана эмгек акынын төмөн деңгээлинен улам Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмиграциясынын негизги «сүрүп чыгарган» жүйөсү экономикалык жүйө болуп калууда. Эмгек миграциясы, бүтүндөй алганда, мигранттарга өтө зарыл материалдык-турмуш-тиричилик көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүндүк берет. Материалдык абалды жакшыртуу өз үй-бүлөлөрүндө жана баарлашкан чөйрөдө эмгек мигранттарынын кадыр-баркын жогорулатат, мигранттар тажрыйбага ээ болот, балдарга билимди камсыз кыла алат. Расмий маалыматтар боюнча, чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында Кыргызстандын 710 миң жараны жүрөт. Алардын ичинен 90%ы (640 миң) Россияда иштейт. Россия Федерациясынын аймагына кайрадан кирүүгө тыюу салуулар эмгек мигранттарына таасир эткен терс натыйжалардын бири болуп саналат. Россия Федерациясынын Федералдык миграциялык кызматынын маалыматтары боюнча, 2018-жылдын аягына карата Кыргызстандын 65 миңден ашык жаранына тыюу салынган. Кайрадан кирүүгө тыюу салуулар бузуучу мүнөздө болуп, укуктук, экономикалык жана социалдык айкын эместик кырдалында адаптациялоого өзүнүн демейки стратегияларын пайдаланууга мигранттардын кудуретине залака келтирип жатат. Дайыма муктаждыкта болуу абалынан жана ушунун айынан келип чыккан кадыр-баркын, таасирин жана өзүнө-өзү баа берүүсүн жоготуу сезиминен улам тыюу салуусу бар мигранттар миграциядагы өзүнүн социалдык тармактарынан гана эмес, ошондой эле үйдөгү өзүнүн жамаатынан бара-бара терс бурулуп, өз үй-бүлөсүнөн, ошондой эле оолактоонун өсүп бараткан сезими менен жамааттан социалдык обочолонуу жагындагы олуттуу коркунучка кабылууда. Олуттуу психосоциалдык кесепеттерди, мисалы, иш издөө боюнча пландардын жана күч-аракеттердин жоктугун узак мезгил бою үйдө жумушсуз олтурган мезгилдерди башынан өткөргөн мигранттардан байкоого болот. Өзүнүн негизги укуктарын билбегендиктен жана расмий мекемелер жагынан зор үмүттөрдү артпагандыктан, мигранттар жардам жана/же маалымат сурап мамлекеттик органдарга же НПОлорго кайрылбайт. Расмий (мамлекеттик жана мамлекеттик эмес) уюмдар менен баарлашуудан ушундай качуу кийинкилердин калктын өтө зарыл муктаждыктарын табуу боюнча милдеттерин татаалдантат. Бийлик органдарынан обочолонуу алардын ролуна карата шектүү мамиледе турат, бул мигранттардын психологиялык, экономикалык жана социалдык муктаждыктарына жооп иретинде ырааттуу чараларды иштеп чыгуу максатында расмий органдардын жана мигранттардын ортосундагы диалогду бекемдөө зарылчылыгы жөнүндө белги берип турат. Узак мезгил бою МОМ/Буунун Миграция боюнча агенттиги Кыргызстандан барган мигранттарга алар миграциялык стратегияны ишке ашырышынын жолунда аларды коргоп жана жардам берип жатат. МОМ/Буунун Миграция боюнча агенттиги көп сандаган кыргызстандык мигранттарды кайра кайтаруу боюнча аларга жардам көрсөттү. Адам укуктарын алга илгерилетүүдө, жөнгө салынбаган миграция тобокелдиктери, адамдарды сатуу/контрабандалоо жөнүндө маалыматты таратууда, коопсуз миграция адвокациясында өз таржымалы жөнүндө айтуу жана тажрыйба алмашуу, алардын жамааттарынын деңгээлинде социалдык жана экономикалык жактан маанилүү аракеттерди демилгелөөдө активист катары волонтердук ишке мигранттарды тартуу маселеси актуалдуу бойдон калууда. Бул маселени чечүү катары «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МОМ)/Буунун Миграция боюнча агенттигинин колдоосу менен КРдагы Шайлоо системаларынын Эл аралык фондунун (IFES) Өкүлчүлүгү менен өнөктөштүктө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосунда «USAID «Татыктуулук жана укук». Келечектеги коомдук активисттер үчүн 2 лагерди жана жергиликтүү бийликтердин жамааттардын активисттери менен 1 күндүк диалогу өткөрүү» долбоорун ишке ашырды. Долбоордун алкагында келечектеги активисттер үчүн Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Тосор айылында жана Жалал-Абад областынын Сузак районунун Кара-Алма айылында келечектеги активисттер үчүн күндүзгү 3 лагерь өткөрүлдү. Лагерлерге өлкөнүн бардык областтарынан 30га жакын адам катышты. Үч күн аралыгында катышуучулар волонтерлук, адам укуктарын алга илгерилетүү жөнүндө, мамлекеттин жана шайлоонун түзүлүшү жөнүндө өз билимдерин жогорулатты, мигранттардын кызыкчылыктарын коргоо жана көйгөйлөрүн чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маектешти, кызыктырган суроолорго жоопторду алды, өз Мекенин өнүктүрүүгө өз салымын кошкон мекендештер менен жолугушууларга катышты жана ошону менен бирге өз жамааттарынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн зарыл болгон жөндөмдөрдү алды. Сессиялардын жүрүшү видеороликтерди көрсөтүү, командалык оюндар, рефлексия, арт-терапия боюнча көнүгүүлөр жана командада иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана ар бир катышуучунун потенциалын кеңейтүүгө багытталган башка иш-чаралар менен коштолду. Эки лагердин натыйжасы – мигранттардын жергиликтүү коомдоштуктардагы көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө мигранттарды тартуу, ошондой эле адам укуктарын алга илгерилетүү; жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери; адамдарды сатуу/контрабандалоо жөнүндө маалыматты таратуу; өзүнүн таржымалы жөнүндө айтуу жана тажрыйба алмашуу аркылуу коопсуз миграция маселелерин алга илгерилетүү; коомдоштуктардын деңгээлинде социалдык жана экономикалык жактан маанилүү аракеттерди демилгелөө сыяктуу багыттар боюнча активист катарында волонтердук иш. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн жана мурда жайкы лагерлерде окутулган активист мигранттардын ортосунда диалог өткөрүлдү. Диалог ачык маектешүү жагдайында өттү жана мигранттардын укуктарын коргоо көйгөйлөрүн чечүүгө катышуучулардын жалпы маанайы жана багыт алгандыгы сезилип турду. Иш-чаранын учурунда мурдагы мигранттар өздөрүнө ишенимдүү болду жана маселелерди талкуулоо процессине жигердүү катышты, алар адам укуктарын алга илгерилетүү, жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери; адамдарды сатуу/контрабандалоо жөнүндө маалыматты таратуу маселелери, ошондой эле алардын коомдоштуктарынын деңгээлинде региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык жактан маанилүү аракеттерди демилгелөө маселелери боюнча өздөрүнүн көз караштарын жана сунуштарын айтты. Окутуучу лагерлерде алынган билимдер аларга маалыматка ээ болууга жана өзүнүн көз карашын ишенимдүү айтууга жардам бергени байкалып турду. Мигранттар мекенине кайтып келгенден кийин эч ким алар менен коомдоштуктарга реинтеграциялоо боюнча ишти жүргүзбөгөнүн белгиледи. Алар мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтер жана активист катары өз коомдоштуктарына пайда алып келүүгө өз даярдыктарын белгиледи.

Долбоордун максаттары:

Долбоордун максаты мигранттарды ийгиликтүү реинтеграциялоо жана аларга өз жамааттарынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн керектүү жөндөмдөрдү берүү, ошондой эле адам укуктарын жана Кыргызстандан барган мигранттардын кызыкчылыктарын алга илгерилетүүгө жигердүү катышуу болуп саналат.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто