Кыргызстандагы мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу
"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду Кыргызстандагы мектеп тамак-ашын жакшыртууга багытталган БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) долбоорун ишке ашырууга кошулду. 2025-жылдын июль айынан декабрь айына чейин Фонд мектептерде балдардын тамактануусун коопсуз, сапаттуу жана туруктуу камсыздоого багытталган демилгелерди иштеп чыгууга жана жайылтууга колдоо көрсөтөт. Долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Ал улуттук азык-түлүк коопсуздугун чыңдоону, мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатууну, саясатты жана ченемдик базаны өркүндөтүүнү, тамактануунун инновациялык моделдерин (анын ичинде борборлоштурулган ашканаларды) киргизүүнү, ошондой эле мектептердин инфраструктурасын жана шарттарын жакшыртууну (суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена) өз милдети катары коёт. Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду мектеп тамак-ашын илгерилетүүдө тажрыйбалуу. 2014-жылы фонд БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жана мектеп тамак-ашы боюнча маалымдуулукту жогорулатуу долбоорун ишке ашырган. Бул тажрыйба фондго жаңы демилгелерге активдүү катышууга шарт түзүп, бүгүнкү күндө мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча долбоордун негизин жаратты.
Долбоордун максаттары:
Окуу жылынын жүрүшүндө башталгыч класстын бардык окуучуларын толук кандуу жана коопсуз тамак-аш менен камсыз кылган, балдардын ден соолугун чыңдоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн жана санитардык ченемдерге жооп берген мектептик тамактануу системасын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүү.