Баракчага өтүү

Бешке чейин үлгүр

Беш жашка чыкканда балаңыздын мээсинин 90%ы калыптанат. Ошондуктан, эрте курактан тартып анын сезимдерин өнүктүрүп, тажрыйбасын байытууга көңүл буруу өтө маанилүү. Ар бир оюнуңуз жана баарлашууңуз анын келечегине чоң таасир этет. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Миндеру Фонду менен биргеликте ата-энелер жана тарбиячылар үчүн “Бешке чейин үлгүр” долбоорунун алкагында “5 кадам” @5kadam инстаграм/фейсбук баракчаларын тартуулайт. Сидней университетинин Мээ жана Акыл борбору балдардын өнүгүүсүнө жана жаштардын психикалык саламаттыгын сактоо багытында иштеген, нейро илим боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. “5 кадам инстаграм” баракчасындагы маалыматтарды иштеп чыгууну Миндеру фондунун өлкөдөгү өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташкан Австралия, АКШ жана Канададан антропология жана нейро илимдер тармагындагы эксперттер түзгөн Мээ жана Акыл борбору жетектейт. "5 кадам" баракчасындагы маалыматтар беш негизги багытка топтоштурулган: • Байланыш түзүү Күчтүү эмоционалдык байланыштарды түзүңүз. • Баарлашуу Тил жана баарлашуу аркылуу кубанычтуу учурларды жаратыңыз • Жамаат Коомчулукка жана маданиятка таандык сезимин бекемдеңиз • Дени сак үй Үйүңүздө бакыт жана саламаттыкты сактоо боюнча кеңештерди окуңуз • Оюндар Балаңыздын мээсинин өнүгүшүн колдоонун кызыктуу жолдору менен таанышыңыз “Бешке чейин үлгүр” долбоорунун биринчи фазасы 2022-2023-жж. Ишке ашырылып “Бешке чейин үлгүр” тиркемеси кыргыз жана орус тилдерине которулган. Долбоордун экинчи фазасы 2024-2026 жылдары ишке ашырылат.

Долбоордун максаттары:

.

Баракчага өтүү

Долбоордун өнөктөштөрү

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто