«Ата МЕНен»

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду балдардын өнүгүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатуу багытында “АтаМЕНен” аталышындагы долбоорду ишке ашырып баштады. Долбоор Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда. “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында балдардын өнүгүүсүнө жана тарбия берүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатуу үчүн комплекстүү иш-аракеттер жергиликтүү активист жарандар менен биргеликте аткарылат, пилоттук айылдарда аталар үчүн окутуулар, сынактар жана ата-энелер фестивалдары өткөрүлөт. Долбоордун бир компоненти аркылуу 4 пилоттук Айыл Аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гендердик сезимтал көйгөйлөрдү эске алуу менен жана балдардын өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды камтуу менен жергиликтүү социалдык экономикалык өнүгүү пландарын түзүүгө көмөк көрсөтөт. Ушуну менен бирге ар бир айыл аймакта балдарды эрте куракта өнүктүрүүгө багытталган демилгелер долбоор тарабынан гранттык колдоого алынат. Ошону менен катар эле бул багытта буклеттер, видео роликтер, интервью, макалалар жана китеп чыгарылат.Долбоордун алкагында мамлекеттик уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, социалдык чөйрөнүн кызматкерлери жана жер-жерлердеги активисттер балдардын өзгөчөлөнгөн муктаждыктары тууралуу, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо,зомбулуктан коргоо боюнча маалымдуулугун жогорулата алышат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 2022-ж. апрель – 2024-ж. март

Долбоордун максаттары:

“АтаМЕНен” долбоорунун максаты- балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу, ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү, аталардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана аялдарга жана балдарга карата зомбулукту азайтуу. Долбоор Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек жана Ак-Муз айыл аймактарында, жана Нарын районунун Миң-Булак жана Учкун айыл аймактарында ишке ашырылмакчы.

Долбоордун өнөктөштөрү

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто