Баракчага өтүү

«Үчтөн кийин кеч» социалдык тармактарда

Социалдык тармактардагы «Үч жаштан кийин кеч» баракчаларынын максаты – эрте жаш курактагы наристелерди тарбиялап өстүрүү маселелери боюнча ата-энелердин билгичтигин, көндүмдөрүн калыптандырууга маалыматтык колдоо көрсөтүү. Кыргыз тилинде бул темадагы сейрек баракча экенин, алыскы айылдарда жашаган биздин тургундарга арналганын да айтып кетели. Instagram, Facebook, Одноклассники жана Telegram социалдык тармактарынан Кыргызстан калкынын кеңири катмары баланы эрте жаш куракта ар тараптан өнүктүрүү багытындагы керектүү жана далилдүү маалыматтарды жана пайдалуу кеңештерди үзбөй окуй алышат. Алгачкы 1000 күн – баланын төрөлгөнүнөн баштап 3 жашка чейинки аралыгындагы убакыт. Баланын калыптандыруусунда эң маанилүү жылдар. Анткени бул мезгилде баланын өнүгүүсү, чоӊоюусу өтө тез ылдамдыкта жүрүп, анын мээси, тамак сиңирүүсү, зат алмашуусу, иммундук системасы жана эмоционалдык, коммуникативдик базалык көндүмдөрү калыптанат. Башкача айтканда чоң адамдын физикалык, эмоционалдык абалынын «фундаментинин» түптөлүшүнүн алгачкы кадамдары ушул убакытка туура келет Ошол себептен “3 жаштан кийин кеч” баракчасы ата-энелердин наристеге жасаган мамилесин жакшыртууга, ата-энелик милдетти так аткарууга чакырып, бөбөктөрдү өнүктүрүү үчүн сапаттуу шарт түзүп, камкор чөйрө түзүүгө багыт берет. Бала тарбиялоо жана өстүрүүдөгү кыргыз тилиндеги маалыматтык муктаждыгын, сабаттуулугун жогорулатып жана өзүн өзү өнүктүрүүсүн шыктандырат. Социалдык тармактардагы баракчаларыбыз: Facebook: https://www.facebook.com/uchtonkiyinkech/ Instagram: https://instagram.com/3tonkiyinkech Telegram: https://web.telegram.org/#/im?p=@uchtonkiyinkech

Долбоордун максаттары:

Социалдык тармактардагы «Үч жаштан кийин кеч» баракчаларынын максаты – эрте жаш курактагы наристелерди тарбиялап өстүрүү маселелери боюнча ата-энелердин билгичтигин, көндүмдөрүн калыптандырууга маалыматтык колдоо көрсөтүү.

Баракчага өтүү

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто