Мектепке чейинки билим берүү жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду 2013-жылдын аралыгында мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча долбоорду ишке ашырды. Долбоордун максаты балдарды мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү программалары менен камтуунун мамлекеттик саясатын жакшыртууга жана маселесин чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле мектепке чейинки куракта китеп окуунун маанилүүлүгү жөнүндө маселени актуалдаштыруу болду. Долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүү маселелерин кеңири талкуулоо, «Билим кербени» циклинин алкагында мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча жергиликтүү жамааттар менен семинарлар жана кеңейтилген консультациялан өткөрүлдү. Фонддун эксперттери Кыргызстандын жети областынын коомчулугунун 1730 өкүлү жана жергиликтүү бийликтер менен жолугушту. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясаты жана артыкчылыктары талданды. Жалпы билим берүүчү балдар уюмдарына барбаган балдар үчүн кепилденген мектепке кирер алдындагы даярдыктын жылдык программасын киргизүү мектепке даярдоо көйгөйлөрүн чечүү жолдорунун бири болуп калды, кыска мөөнөткө баруучу балдар бакчалары, жамааттык балдар бакчалары, жайлоодогу балдар бакчалары сыяктуу мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап моделдерин жана Кыргызстанда өзүн жакшы жагынан көрсөткөн башкаларды өнүктүрүү сунушталды. ЖК депутаттары менен жигердүү жолугушуулардын, басма сөздө жана теле көрсөтүүдө чыгып сүйлөөнүн, республиканын бардык областтарында коомчулук менен жолугушуулардын натыйжасында алга илгерилөө аткарылды, ал бала чакта балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүүгө, салымдардын маанилүүлүгүн жана артыкчылыктуулугун массанын арасында кеңири түшүндүрүүгө көмөктөштү жана мектепке чейинки билим берүү имараттарын мамлекетке кайра кайтаруунун башталышы болуп калды. Долбоор ошондой эле балдарды, өзгөчө региондордогу балдарды өнүктүрүү боюнча жамааттык демилгелерди (балдар бакчалары) түзүүгө түрткү болду.

Долбоордун максаттары:

Долбоордун максаты балдарды мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү программалары менен камтуунун мамлекеттик саясатын жакшыртууга жана маселесин чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле мектепке чейинки куракта китеп окуунун маанилүүлүгү жөнүндө маселени актуалдаштыруу болду.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто