Мобилдүү өнүктүрүү борбору

Бул мектепке чейинки курактагы балдардын үй-бүлөлүк ыңгайдан аларга тааныш болбогон, бала үй-бүлөлүк кырдаалда сейрек кездешкен жамааттагы турмушка өтүшүнүн маанилүү көйгөйлөрүн чечүүдө бир эле учурда үй-бүлөгө жана социумга жардам берүүнүн жаңы формасы. Адистердин жана чакырылгандардын ишинин технологиясы балдар социалдык нормаларды өздөштүрүүсүн камсыз кылып гана тим болбостон, ошондой эле тарбиялоо-билим берүү процессинин катышуучулары катары ата-эненин демилгесин жогорулатат. МЦРда ата-энелерге педагогикалык жөндөмдөрдү өздөштүрүүгө, ал эми башкысы алардын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө ишенүүгө жана идеалында алар жашаган жер боюнча үй-бүлөлүк балдар бакчаларын же балдарды өнүктүрүү борборун ачууну уюштурууга жардам берет. Бул кыйла өлчөмдө балдарды мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү менен камтуу көйгөйлөрүн чечүүгө таасир этет. СССРдин кыйрашы менен түзүмдүк, сезондук жумушсуздук жана ушуга таянуу менен системалык жумушсуздук өстү. Мунун натыйжасында адамдардын региондордон, айылдардан жана кичи шаарлардан Бишкек шаарына массалык кетиши башталды, алар 25 жылдын ичинде шаардын чет жакасында орун-очок алып, жаңы турак-жай конуштарынын өзүнчө түрдөгү тилкеси түзүлдү. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын айланасында 50дөн ашык жаңы турак-жай конуштары пайда болду. Жаңы турак-жай конуштары пландаштырылбагандан улам, алар капилет пайда болду, инфраструктура өтө начар, мектептер, балдар бакчалары, балдарды өнүктүрүү борборлору жетишпейт. Бул табигый түрдө балдарды өнүктүрүүгө жана алардын билимине, мектепке чейинки өнүктүрүүгө жана аларга билим берүүгө таасир этет, мектепке чейинки өнүктүрүү жана тарбиялоо калдык маселелер бойдон калууда. Турак-жай конуштарында бул маселелер боюнча туруктуу мониторинг жасалбайт жана мектепке чейинки билим берүүгө муктаждык эсепке алынбайт. Бардык балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу үчүн мамлекеттик балдар бакчаларынын өтө жетишсиздиги турат. Балдарга билим берүүнүн жеке мекемелерине көптөгөн адамдардын акчасы жетпейт, ата-энелерде жеке кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө мүмкүнчүлүгү жок, ата-энелердин көпчүлүгүндө балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү жөнүндө билим жок, ошондуктан балдардын кыйла бөлүгүндө мектепке чейинки эң жөнөкөй даярдык мүмкүнчүлүгү жок. Тышкы миграция өсүп жатат, мигранттардын балдары кары-картаң ата-энелердин багуусунда калдууда. Натыйжада балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү маселелерине ата-энелер тарабынан да, муниципалитет тарабынан да ойдогудай көңүл бурулбайт. Баланы өнүктүрүү жөндөмдөрүнө ата-энелерди окутууда да кыйла оорчулуктар бар. Бул да ата-энелер балдарды мектепке даярдай албагандыгынын себептеринин бири болуп саналат, ал эми мындан өнүгүүдөгү тартынчаактык келип чыгат. Балдарды эрте өнүктүрүү убактысын сарамжалдуу пайдалануу – бул ийгиликтүү инсанды калыптандыруунун негизи, турмуштук жөндөмдөрдү өнүктүрүү жана чыныгы баалуулуктарды калыптандыруу. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, ошондой эле социалдык оорчулукту жеңилдетүү үчүн Фонддун уюштуруучусу Р.И. Отунбаева 2017-жылдын ноябрынан тартып баланы эрте өнүктүрүү маселелери боюнча ата-энелердин жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуу Бишкек шаарынын 8 турак-жай конушунда кенже курактагы балдарга берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү максатында Мобилдүү өнүктүрүү борборунун активдүү ишин баштады. Балдарды эрте өнүктүрүү маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу. Талдоо буларды көрсөттү: турак-жай конуштарында кедейлик жана жумушсуздук басымдуулук кылат, алар үй-бүлөнүн бузулушуна, билимдүүлүктүн жана багуу жана өнүктүрүү боюнча ата-эненин жоопкерчилигинин төмөндөшүнө алып келүүдө. Үй-бүлөнү пландаштыруу жөнүндө билимдердин жоктугунун айынан баланын төрөлүшүнүн санынын өсүшү белгиленүүдө. Азыркы учурда көптөгөн аялдарда жана энелерде туруктуу иш жок. Ички жогорку миграция ар түрдүү оорулардын таралышына таасир этүүдө. Мигранттар, эреже катары, медициналык мекемелерде эсепке турбайт жана арга кеткен – ооруп калган жана тез дарылоо зарыл болгон учурларда гана кайрылат. Ата-энелердин медициналык кызматкерге кеч кайрылышы ар кандай патологиясы жана оорулары бар балдарда оорунун күчөшүн пайда кылышы мүмкүн. Тандалган турак-жай конуштарынын тургундары менен баарлашкан учурда ошондой эле саламаттык сактоонун, маданияттын, билим берүүнүн жана спорттун сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктүн жоктугу белгиленген. Турак-жай конуштарында негизинен жаш үй-бүлөлөр жашайт, бирок аларга үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча жөндөмдөр жетишпейт, өтө көп учурда репродуктивдүү ден соолуктун эң жөнөкөй нормаларын сактабагандык, балдарды өнүктүрүү жана тарбиялоо боюнча ресурстардын жетишсиздиги байкалат. Жаш энелерде жана аталарда баланы эрте өнүктүрүү стандарттарын сактоо менен наристелерди багуу боюнча жөндөмдөр жетишпейт. Ошондуктан Фондду уюштуруучунун сунуштамасы боюнча артыкчылык катары программаны жана МЦРнын ишинин контентин иштеп чыгуу процессинде санитардык-гигиеналык агартуучу жана алдын алуучу иштерди жүргүзүү боюнча иш алдыга коюлду. КР Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-гигиеналык агартуучу жана алдын алуучу иши боюнча негизги өнөк болуп чыкты. Санитардык-агартуу ишинин натыйжаларын күчөтүү үчүн турак-жай конуштарында КР Улуттук госпиталынын көмөгү аркасында «Мобилдүү медициналык клиника» менен көчмө текшерүү уюштурулду, ал турак-жай конуштарынын 1721 тургунун акысыз текшерүүнү жүргүздү. Бул демилге Бишкек шаарынын 8 турак-жай конушунда жашаган балдарды өнүктүрүүнү жана ата-энелерге эң жөнөкөй педагогикалык жөндөмдөрдү берүүнү социалдык, психологиялык-педагогикалык коштоонун кайталангыс тажрыйбасын өзүнө камтыды. МЦР түзгөн эс алуу жана жолугушуу жеринде ар бир балага, ал канчалык кичинекей болбосун, көңүл бурулат. Бул жерде бала менен ага тиешелүү нерсе жөнүндө тикелей маектешүү колдонулат. Чоң киши менен бала бирге же бир эле учурда бейтааныш же тааныш балдардын жана чоң кишилердин арасында баланы ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен өз ара аракеттенүүгө барат. Капилет баарлашуунун жана анын жүрүшүндө келип чыккан диалогдун жана өз ара аракеттенүүнүн процессинде чоң кишилерде жана балдарда катышып олтурган адистер тарабынан кесиптик колдоо зарыл болгон учурда дал ушул колдоону алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Балдар жана ата-энелер үчүн пайдалуу болгон эс алууну жана кесиптик жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн айкашы балдар бакчасы жоктугунун шартында балдарды тарбиялоо жана аларды мектепке даярдоо менен байланышкан оорчулуктардан жеңил арылууга мүмкүндүк берет. Бул ясли да эмес, балдар бакчасы эмес, бул балдарга ойноо, окуу жана ар бир адамга: балага да, аны менен келген чоң кишиге да пайдалуу эркин баарлашуу кубанычын тартуулоого чакырылган консультациялык борбор дагы, өнүктүрүү борбор дагы. Бул жерде ишенич жана корголгондук жагдайы өкүм сүрөт. МЦРдин адистери жана чакырылган кесипкөйлөр чоң кишилерди сөз менен гана эмес, ошондой эле китеп окуу жана ойдон чыгарып жазуу, сүрөт тартуу жана жабыштырып жасоо, сүрөттөрдү боео жана кесип алуу, маданий-гигиеналык жөндөмдөргө ээ болуу, учурдагы гана эмес, ошондой эле эчак унутулган элдик ырларды аткаруу, курчап турган чөйрөнүн кооздугун көрүү жана денебой жактан өөрчүү, коопсуз жүрүш-туруш эрежелерин сактоо, жаратылышты сүйүү жана кайтаруу кандай кызыктуу экенин балдарга өзүнүн жүрүш-турушу менен көрсөтүүгө үйрөтөт. Китеп окуунун натыйжасын жана маанилүүлүгүн күчөтүү үчүн Фонддун «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору тартылган, анын алкагында белгилүү балдар жазуучусу, балдар үчүн китептердин, анын ичинде балдарга жагып калган Акылай жана Актан адабий каармандарынын автору, 2012-жылдагы Тоголок Молдо атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, балдар жазуучуларынын арасындагы «ЮНИСЕФтин» 2004-жылдагы жана Ага Хан Фондунун 2008-жылдагы конкурсунун жеңүүчүсү Бек Жылдыз өзүнүн китептерин окуп берип, аны ата-энелер жана балдар үчүн суроолор жана жооптор менен коштоду. Ошондой эле Бек Жылдыз өз колу менен жасаган чий-куурчактарды көрсөттү. «Рабаят» театрынын көркөм жетекчиси, драматург, режиссер, актриса, балдар жазуучусу Бурул Асакеева өз жомокторун окуп берди, жомоктордун сюжеттери боюнча куурчак театрын көрсөттү жана аягында балдар менен интерактивди өткөрдү. МЦР – бул үй-бүлө менен социумдун (балдар бакчасынын, мектептин) ортосундагы ортолук звено жана мамлекет менен коом тарабынан ар кандай колдоого татыктуу. Мектепке чейинки окуучулар жана алардын ата-энелери үчүн Мобилдүү билим берүү борбору Бишкек шаарынын 8 турак-жай конушунда 7 ай аралыгында (ар бир турак-жай конушунда айына 3 жолу) иштеди, анын ишине 3235 ата-эне, 3234 бала, бардыгы болуп 6469 адам катышты. Тренингдердин натыйжасында катышуучуларда өзүнүн ден соолугуна жана баланын ден соолугуна мамиле өзгөрдү, ата-энелер баланы өнүктүрүүгө жана тарбиялоого, коомдоштуктагы анын коммуникациясына кунт коюп көңүл буруп жана убакыт бөлө баштады. Тренингдерге катышкан айрым ата-энелер өздөрү жашаган турак-жай конуштарында балдар Өнүктүрүү же билим берүү борборлорунун альтернативдүү моделдерин түзүүгө кызыга баштады. Долбоордун өнөктөрү: Бардыгы болуп төмөнкүдөй 50 машыктыруучу өнөк катышты: КР Саламаттык сактоо министрлиги, РДЧБ, Бишкек шаарынын мэриясы, шаардын райондук мамлекеттик администрациялары, МАБ, Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры, И Арабаев атындагы КМУнун волонтерлор командасы, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Манас КТУ, Б.Ельцин атындагы КРСУ, Т.Эрматов атындагы музпедколледж, Кызыл Жарым Ай Улуттук Коому, бардыгы болуп 100гө жакын волонтер-студент катышты, алар балдар менен иш жүргүздү жана тренингдерди даярдоого жана өткөрүүгө катышты.

Долбоордун максаттары:

Баланы эрте өнүктүрүү маселелери боюнча ата-энелердин жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуу Бишкек шаарынын 8 турак-жай конушунда кенже курактагы балдарга берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү. Балдарды эрте өнүктүрүү маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто