Discover Asia

DiscoverAsia – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын маалыматтык-билим берүү демилгеси, ал жерде Азиянын ар бир өлкөсүнүн атынан эксперттер, соода-экономикалык атташе, бизнесмендер, өкмөттүк чөйрөлөрдүн өкүлдөрү иш алып барат. Жолугушуулардын учурунда Малайзия, Индия, Япония, Кытай, Бангладеш, Индонезия, Корея, Казакстан, Монголия сыяктуу өлкөлөрдүн бизнес-мүмкүнчүлүктөрү, маданияты, салттары, экономикадагы жана финансыдагы ийгиликтүү тажрыйбасы жана ноу-хаусу, өндүрүшү, социалдык практикасы жөнүндө билимдерди алууга болот. Ар айдагы туруктуу жолугушууларга бизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрү, өкмөттүк чиновниктер, академиялык чөйрөлөр, аспиранттар жана докторанттар, дипломаттар, журналисттер барып турду. 2014-2015-жылдары «Discover Asia - Жаңы формат» долбоорунун алкагында Кыргызстанга Россиянын алдыңкы эл аралык эксперттери жана политологдору келди. Эксперттер орчундуу эл аралык көйгөйлөргө өздөрүнүн көз караштарын билдирди, ачык лекциялардын учурунда КМШнын, Бажы бирлигинин алкагында өлкөлөрдүн өз ара байланышынын толкунданткан суроолоруна жооп берди, БА регионундагы коопсуздуктун, миграциянын маселелерине жооп берди. Ал эми Пакистандан белгилүү жазуучу жана журналист Ахмед Рашид Борбордук Азия, Пакистан жана Афганистан регионундагы коопсуздук жана стабилдүүлүк маселелери боюнча лекция өттү.

Долбоордун максаттары:

Азия өлкөлөрү менен тааныштыруу максатында маалыматтык-билим берүү демилгеси

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто