Р.Отунбаева: “Бир дагы эркек ушундай шарттарга чыдабайт эле”

October 24, 2012, 06:00

Экс-президент катары мага катчылык берүү боюнча эч кимден суранганым жок. Былтыр 1-декабрда кызматтан кеттим, ошол бойдон өзүм пландаштыргандай эле фонд түзүп, ушул күнгө чейин тынымсыз иштеп жатам, деп билдирет Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 23-октябрда «Баракелде» сайтына берген эксклюзивдүү маегинде.


Айта кетсек, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева Роза Отунбаева учурда активдүү иштерди жасап жатат, экс-президент катары ага катчылык бөлүп берүү керектигин айткан. 


«Өткөн бир жылдын ичинде мен чет өлкөлөрдө же өлкөнүн ичинде бир топ иш сапарларда болуп, жогорку денгээлдеги эл аралык жолугушууларда республиканын таламын жактап жүрөм. Мени сындагандарга айтат элем, мен экс-президент катары ушундай институттун пайдубалын биринчи болуп түзүп жатам. Бул да биздин мамлекеттик системасынын бир маанилуу бөлүгү. Канчалык жупуну, маани берилбеген институт болсо, ошончолук келечегибиз бир тунгуюкка такала берет: эч ким бийликтен анда кеткиси келбейт! Биз билгендей бул бир топ өлкөлөр үчүн абдан эле таалуу позиция. Президенттиктен кеткенден бери бир жылдай офиси жок эле жүрөм, бул тууралуу эч кимге арызданган жокмун. Мени шаарда кишилер көрүп жатат, бир кафеге, же музейлерге, китеп дүкөндөргө кире калып, жолугушууларды, иш-чараларды өткөрүп келе жатам. Же болбосо бирөөнүн офисинде өткөзөм. Бир дагы эркек ушундай шарттарга чыдабайт эле. Аял киши эле чыдайт экен. Мен буга азыр кадимкидей эле карап, эч кимден эч нерсе сураган жокмун. Бирок негизи экс-президентке тиешелүү шарттарды түзүп берүү боюнча бир эрежени иштеп чыгыш керек», – деди Р.Отунбаева.


Баракелде