Нарын областындагы пилоттук мектептердин окуучулардын тамактануусун жакшыртуу боюнча позитивдүү тажрыйбалары

May 28, 2014, 06:00

Мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча мамлекеттик программанын алкагында 2014-жылдын 28-29 майында таанышуу сапары жана “Нарын районунун мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча тажрыйбалары” менен таанышуу деген темада тегерек стол өтөт.


Бул саамалыкка Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, КР өкмөтүнүн мүчөлөрү, мектептердин жетекчилери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү, эл аралык жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышат.


Бул иш-чаранын алкагында Нарын областындагы Эмгекчил, Жерге-Тал жана Нарын шаарындагы пилоттук мектептердин ишмердүүлүктөрү менен таанышышат.

 

Бул сапардын негизги максаты, Мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртууда тажрыйба алмашуу, коомчулукту чечим кабыл ала турган адамдарды Нарын областтынын мектептеринин мисалдарында Кыргызстан мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча долбоор тууралуу маалымат берүү болуп саналат. 

 

Бул сапардын алкагында катышуучулар мектептердин ашканаларынын техникалык жактан жабдылышы, мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча тажрыйбаларды жана идеяларды талкуулашат. Мындан тышкары кызыкдар тараптардын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү да талдоого алынат.

 

 

 

 

 

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго чалыңыздар:

0312 660384, 0555773750 (Роза Кайыкова)