Экинчи Билим фестивалы – техникалык кесиптерге кызыгууну кайрадан жаратуу

April 24, 2014, 06:00



Экинчи Билим фестивалы – техникалык кесиптерге кызыгууну кайрадан жаратуу.

 

2014-жылдын 26-27-апрелинде  Бишкекте Экинчи Билим берүүФестивалыөтөт.

 

Экинчи Билим фестивалы - бул интерактивдүү аянтчалары/класстары бар илим жана техника, ошондой эле экологиялык билимди таркатууга багытталган эки күндүк шаардык иш-чара.


Биринчи фестиваль 2013-жылдын 18-19-майында өткөн жана көп сандаган жакшы бааларды алып, келечектүү, интенсивдүү өнүгүп жаткан иш-чара катары өзү жөнүндө билдирген, аны өткөрүү Кыргызстанда ар жылдагы мыкты салт болуп калууда.


Экинчи Билим фестивалы техникалык кесиптерге кызыгууну кайрадан жаратууга, ошондой эле балдардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана салтка айланган экологиялык билимдерди жайылтууга багытталган.


Өсүп келаткан муунга өзгөчө көңүл буруп, өз максатын турмушка ашыруу, билимдерге, ийгиликке, ачылыштарга жана инновацияларга, сергек жашоо ыңгайына умтулуу маданиятын каныктыруу менен, бул иш-чара өлкөбүздөгү билим берүүнүн өнүгүшүнө эбегейсиз зор салымын кошот.


Эки күн бою, 26- жана 27-апрелде, табигый илимдердин таң калычтуу дүйнөсүнө бөлөнүүгө, кызыктуу илимий экскурсияларга, экология боюнча мастер-класстар жана тренингтерге, эксперименттерге, оюндарга катышууга, позитивдүү эмоцияларды алууга болот.


Фестивалдын биринчи күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт. Иш-чаранын учурунда мектеп жана лицей окуучулары үчүн (6-11-кл.) КМТУ жана анын лабораториялары боюнча экскурсияга катышууга, илимий шоуларды жана тажрыйбаларды, анын ичинде физика, химия, информатика, энергетика, механика жагынан эксперименттерге катышуу, техникалык чыгармачылык көргөзмөсүнө, илимий-техникалык жана экологиялык иштеп чыгууларды көрсөтүүгө жана мастер-класстарга, мобилдик планетарийге катышууга мүмкүнчүлүк болот.


Биринчи күндүн алкагында «Биз –XXI кылымдын интеллектуалыбыз» эл аралык сынактын катышуучуларынын долбоорлорун презентациясы; «Алтын түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы өткөрө турган илимий-техникалык олимпиада; билим берүүдөгү инновациялык долбоорлордун презентациясы; "Ийгилик тарыхы" аянтчасы жана окуучулар арасында илимий викторина өткөрүлөт.


Экинчи күнү, 27-апрелде, фестиваль бир эле учурда Эски аянттын, «Эмен паркы» галереясынын, Мамлекеттик тарых музейинин жана «Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун жана БААУнин (АУЦА) аймагында өтөт.


Программада: "Билим тейлөолөрүнүн көргөзмө-жарманкеси «Чеберлер шаары», «Китеп жыйыны» көргөзмө-жарменкелери, «Гүл жарманкеси», илимий-техникалык шоукөргөзмөсү, күн көргөзмөсү, мобилдик планетарий, «Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлөө» сынагы бар. Ошондой эле авиамоделдөөжана пескография боюнча мастер-класстар, самын көбүктөрүнүн шоусу жана химиялык шоу өткөрүлөт.


Мамлекеттик Тарых музейининде күн бою Кристенсен Фонду тарабынан колдоого алынган салттык экологиялык билимди жайылтуу боюнча иш алып барган ар кыл уюмдар тарабынан көргөзмөлөр, кино-тасмалар, спектаклдер, концерттик номерлер жана мастер-класстар уюштурулат.


Фестиваль ар кандай флеш-мобдор, дэнс-батлдер, майрамдык концерттер жана театрдык оюндар, цирк көргөзүүлөрү, спорттук жана интеллектуалдык оюндар менен коштолот.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети(И.Раззаков атындагы КМТУ), Бишкек шаарынын мэриясы, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги, КР ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы жана ЮНИСЕФ менен кызматташтыкта иш-чараны уюштуруучу болуп саналат.


Экинчи Билим Фестивалы Кристенсен Фонду, "Мол Булак" МФКсы, "Бай Түшүм" Банкы жана "Шоро" компанясы тарабынан колдоого алынды. Иш-чаранын медиа-өнөктөштөрү: КТРК, 5 канал, «Акиpress» МА, ЭлТР, "Азаттык" радиосу, "Kloop.kg" маалымат порталы жана «Кыргызстан обондору» радиосу.


 

Билим берүү Фестивалынын уюштуруу комитети:   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду