2014-жылдын 25-мартында Бишкекте россиялык эксперттер, Москвадагы Карнеги борборунун кызматкерлери Алексей Малашенко менен Петр Топычканов лекция окуйт

March 18, 2014, 06:00

2014-жылдын 25-мартында Бишкекте россиялык эксперттер, Москвадагы Карнеги борборунун кызматкерлери Алексей Малашенко менен Петр Топычканов «Афганистан эл аралык коалициянын аскерлери чыгарылгандан кийин: коркунучтар, тобокелдиктер жана көйгөйлөр» темасында лекция окуйт.


«Discover Asia» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Москвадагы Карнеги борбору менен бирдикте россиялык эксперттер Алексей Малашенко менен Петр Топычкановдун Кыргызстанга визити жөнүндө жарыялайт.


Алексей Малашенко Россиянын алдыңкы чыгыш таануучусу, ислам таануучусу жана политологу болуп саналат. Петр Топычканов – тарых илимдеринин кандидаты, чыгыш таануунун магистри жана Африканы изилдөөчү.


Эксперттер 25-мартта 16:00дө КР Президентине караштуу Башкаруу академиясында «Афганистан эл аралык коалициянын аскерлери чыгарылгандан кийин: коркунучтар, тобокелдиктер жана көйгөйлөр» темасында ачык лекция өткөрөт.




Маалыматдама:


Алексей Всеволодович Малашенко

Тарых илимдеринин доктору, Москвадагы Карнеги борборунун «Дин, коом жана коопсуздук» программасынын жана РАНдын Чыгыш таануу институтунун улук илимий кызматкери, РФ ТИМдин Москвадагы эл аралык мамилелер мамлекеттик институтунун профессору.


Алексей Малашенко орус, англис, француз жана араб тилдериндеги көп сандаган китептердин автору жана редактору, алардын ичинде төмөнкүлөр бар: Islam in Central Asia, «Ислам альтернативасы жана исламдык долбоор», «Ислам Россия үчүн», «Менин исламым», «Борбордук Азия: Россия эмнеге үмүттөнөт?», The Fight for Influence. Russia in Central Asia.


Петр Владимирович Топычканов

2006-жылдан тартып Москвадагы Карнеги борборунун «Тараптоо көйгөйлөрү» программасынын координатору. 2009-жылдан тартып РАН ИМЭМОнун Эл аралык коопсуздук борборунун улук илимий кызматкери, 2014-жылдан тартып Россиялык эл аралык иштер боюнча кеңештин эксперти, 2009-жылдан тартып «Ядерный клуб» журналынын редакциялык коллегиясынын мүчөсү.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандын бардык таламдаш катышуучуларын, коомдук ишмерлерин, эксперттерин жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн, ошондой эле журналисттерди алдыдагы лекцияга чакырат.


Каттоо маселелери боюнча төмөнкүдөй телефон боюнча кайрылууну өтүнөбүз: +996 312 660368;. +996 555 151 851; office@roza.kg