Бишкекте экинчи Билим берүү фестивалы өтөт, анын багыты - техникалык кесиптерге кызыгууну кайра жаратуу, ошондой эле балдардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү жана демейки экологиялык билимдерди жайылтуу

March 14, 2014, 06:00

2014-жылдын 26-27-апрелинде, Бишкек шаарында,

экинчи Билим берүү фестивалыөтөт.  


Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (И.Раззаков атындагы КМТУ),КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы, Кристенсен Фонду, Кыргыз Мамлекеттик тарых музейи жана ЮНЕСКОнун иштери боюнча КР улуттук комиссия менен кызматташтыкта уюштуруп жатат.


Биринчи Билим берүүфестивалы (2013-жылдын 18-19-майы, Бишкек) шаардын меймандары, катышуучулар жана өнөктөр тарабынан өтө кызыгууну көрсөттү, шаардын мыкты салты болуп кала турган ушундай түрдөгү фестивалдарды туруктуунегизде өткөрүү зарылчылыгын көрсөттү.


Ушуга байланыштуу жана өлкөнүн техникалык адистерге өтө муктаждыгына таянып, балдардын жана жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгын жана Кыргызстанда инженердик, кесиптик-техникалык билим алуу жана маалыматтык-коммуникациялык технология чөйрөсүндө билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнөнүктүрүүгө басым жасоо менен экинчи Билим берүү фестивалын (2014-жылдын 26-27-апрели) өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле биологиялык-өсүмдүк ар түрдүүлүгүнүн чөйрөсүндө билим системаларын жана билим берүүнү алга илгерилетүүгө жана демейки экологиялык билимдерди жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат.



Фестиваль борбор шаардын тургундарын жана меймандарын иш-чаралардын жана компоненттердин ар түрдүүлүгү, ошондой эле өз аймагынын масштабы таң калтырат!


Фестивалдын биринчи күнү И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында өтөт, ал жерде ар жылдагы «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» республикалык/эл аралык конкурстун алкагына облустук конкурстардын жеңүүчүлөрүнүн долбоорлорун жактоо жана Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы өткөрүп жаткан«Алтын түйүн» илимий-техникалык олимпиада; И.Раззаков атындагы КМТУ жана анын лабораториялары боюнча экскурсия; илимий шоу жана тажрыйбалар, анын ичинде балдардын катышуусу менен физика, химия, авто иши, информатика, энергетика, механика, колдонмо өнөр, кулинария жана экология жагынан эксперименттер; техникалык чыгармачылыктын көргөзмөсү, илимий-техникалык жана экологиялык иштеп чыгуулардын демонстрациясы өтөт.


Фестивалдын экинчи күнү бир эле учурда Эски аянтта, «Эмен паркы» галереясынын, мамлекеттик тарых музейинин жана «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун аянттарында өтөт.


Фестивалдын меймандары Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмө-ярмаркасына, ар кандай балдар жана өспүрүмдөрборборлоруна, мектептерге жана кесиптик лицейлерге, студияларга жана клубдарга, балдар үчүн өнүктүрүүчү оюндардын, балдар эмеректеринин жана кийимдеринин соода-көргөзмөсүнө барат. Ошондой эле кесиптик-техникалык лицейлердин «Чеберлер шаарчасы», «Китеп катарлары» көргөзмөсү жана гүлдөрдү сатуунун көргөзмө-ярмаркасы өткөрүлөт.


Эки күндүн ичинде Фестивалдын аймагында шаардыктар жана борбор шаардын меймандары таанып-билүү көргөзмөлөрүнө, мастер-класстарга, викториналарга, конкурстаргажана концерттерге барып, спорт оюндарына катыша алат.


ЭкинчиБилим берүү фестивалын уюштурууда бардык таламдаш уюмдарды, медиатүзүмдөрдүкызматташууга чакырабыз


Билим берүү фестивалынын уюштуруу комитети:

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду


Жалпы маселелер боюнча:

Координатордун ассистенти, Айзада Ургуналиева

Тел.: +996 (312) 66-03-86

Моб.тел.: +996 550 32-88-99

Эл.почта: bilimfest2@roza.kg


ЖМК маселелери боюнча:

PR-менеджер, АдельфияАманкулова

Тел.: +996 (312) 66-03-86

Моб.тел.: +996 551 77-26-67

Эл.почта: adelya.amankulova@gmail.com


Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасына каттоо маселелери боюнча:

Уюштуруучу, Каныкей Капарбек кызы

Моб.: +996 555 00-60-03

Эл.почта: kaparbekovna@gmail.com