«Музыка – элдин дили: Украина» үчүнчү презентация-концерти. Украин музыкалык маданияты жөнүндө көбүрөөк билебиз

January 21, 2014, 06:00

25-январда (ишемби) борбор шаарыбыздын калкын жана меймандарын «Музыка – элдин дили» музыкалык билим берүү программасынын алкагындагы эсеби боюнча үчүнчү презентация-концертке чакырабыз. Азыркы жолугушуу украин элинин музыкалык маданиятына арналган. Концерт 16.00дө Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залына башталат, дареги: Жантөшев көчөсү 115. (Совет көчөсү менен кесилишет). Эшик ачык.


Программа ПРООНдун колдоосу жана «СТАрт» Басма үйүнүн маалыматтык колдоосу аркасында Кыргызстан калкынын Ассамблеясы жана Кыргыз Улуттук консерваториясы менен бирдикте «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан уюштурулду.


Украин тили итальян тилинен кийин эң музыкалуу тилдердин бири болуп саналат. Украиндердин ыр репертуары бай жана кеңири болгондуктан, украиндерди туулгандан баштап өмүрүнүн аягына чейин ыр коштоп жүрөт деп айтууга болот. Презентация-концерттин программасы көрүүчүлөргө кулакка жагымдуу ырларды угуп ырахаттанууга жана кооз украин бийлерин жана улуттук костюмдарын көрүүгө гана эмес, ошондой эле украин жана кыргыз элдеринин ортосунда кандай окшоштуктар бар экенин билүүгө мүмкүндүк берет.


«Азыр биз бир үй-бүлөдө – бир өлкөдө жашап жатабыз, андыктан бири-бирибизди жакшы түшүнүү, урматтоо үчүн бири-бирибиз – тилибиз, маданиятыбыз, салттарыбыз жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк маалыматты билүүгө тийишпиз. Бул ар бир этностун маданий дөөлөттөрүн сактоого жана арттырууга, ошондой эле Кыргызстан калкынын жалпы маданий кенчин байытууга мүмкүндүк берет», деп айтты КР Экс-президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун уюштуруучусу Роза Исаковна Отунбаева.


Программанын алкагында этностордун ырларын ырдап жана бийлерин көрсөткөн жана алардын келип чыгашанын тарыхы, бийдин сүрөтү, ырлардын текстинин котормосу, тигил же бул каада-салттардын мааниси тууралуу айткан Кыргызстан диаспораларынын музыкалык маданияты жөнүндө 11 лекция-концерт өткөрүү пландаштырылган.


Кең-кесири маалымат төмөнкүдөй телефондор боюнча: 660 384, 0772 800 376, www.roza.kg, e-mail: asel.djakypbekova@roza.kg