Сокулук районунда мектеп окуучулары арасында зомбулукту азайтууга багытталган долбоор башталды
September 29, 2025, 11:16
2025-жылдын 25-сентябрында Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүндө "Сокулук районунун окуучулары үчүн маалыматтык-билим берүү лекциялары” долбоорунун алкагында жолугушуу өттү.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Мамлекеттик заказы боюнча "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып баштады. Долбоордун координатору А.Ормушева жаңы долбоор тууралуу презентация жасап долбоордун максаттары, милдеттери жана күтүүлөрү тууралуу айтып берди.
Долбоор өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулукту азайтууга жана тобокелге кабылган өспүрүмдөргө жардам берүүгө багытталган. Анда Сокулук районундагы бардык 46 мектептин 7-класстан 9-класска чейинки окуучулар камтылат, анда "Жеке чек ара деген эмне? Зомбулуксуз байланышты кантип курууга болот?" темаларында лекциялар уюштурулат жана окуучулар арасында зордук-зомбулукка жана суициддик маанайга тестирлөө жүргүзүлөт.
