Шопоков шаарынын мэриясында "Бактылуу үй-бүлө" долбоору боюнча жолугушуу болуп өттү
September 29, 2025, 07:48
2025-жылдын 25-сентябрында Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык заказынын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Бактылуу үй-бүлө” долбоору боюнча жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Шопоков шаарынын мэри Р.Д. Норузбаев, Фонддун директорунун орун басары Арстанбек Сагынтай уулу, ошондой эле райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү, зомбулук менен күрөшүү боюнча жергиликтүү комитеттердин, аялдар кеңештеринин жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрү катышышты.
Иш-чарада Фонддун директорунун орун басары Арстанбек Сагынтай уулу фонддун жалпы ишмердүүлүгү жана жаңы долбоор тууралуу кеңири маалымат берип, катышуучуларды долбоордун командасы менен тааныштырды жана алдыдагы пландар тууралуу айтып берди.
Шаардын мэри Р.Д. Норузбаев “Бактылуу үй-бүлө” долбоору үчүн дал ушул шаар тандалып алынгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, жыйынга катышкандарды активдүү болууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга салым кошууга чакырды.
Долбоордун координатору Бекжан Оторов презентация жасап, анда долбоордун максаты, милдеттери жана күтүлүп жаткан жыйынтыктар тууралуу маалымат берди.
“Бактылуу үй-бүлө” долбоордун максаты — Чүй облусунун Сокулук районунда үй-бүлөлүк зомбулукту азайтууга көмөктөшүү. Бул максатка жетүү үчүн тренингдерди өткөрүү, консультациялык колдоо көрсөтүү, психологдун кызматын уюштуруу жана жекече коштоо жүргүзүү каралган. Ошондой эле, долбоор 15тен кем эмес үй-бүлөнүн финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

