"Ананайка" Жайлоо өнүктүрүү борбору 10 жылдыгын белгиледи

July 11, 2025, 09:31

2025-жылдын 9-июль күнү Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу жайлоосунда жайгашкан “Ананайка” Жайлоо өнүгүү борборунда бул борбордун уюшулгандыгынын 10 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чара Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин орун басары Жыпара Бектемирова, Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун өкүлү Элмира Узакова, КИКБ банктын өкүлү Болот Жунусов, “Роза Отунбаенын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ата-энелер катышты. “Ананайка” Жайлоо өнүгүү борбору Жеңишгүл Шаршееванын жетекчилигинде 10 жыл ичинде жүздөгөн балдарга өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берди. Азыр бул борбордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланган балдардын алгачкылары ЖОЖдордо студент болгон.


Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин орун басары Жыпара Бектемирова  өз сөзүндө белгиледи: «Бүгүн биз жөн эле бир өнүгүү борбордун 10 жылдыгын эмес, балдарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан адамдардын эмгегин белгилеп жатабыз. Эрте курактан  өнүктүрүү-бул зарылчылык. Мамлекет бул багытта жигердүү иштеп жатат. Жети-Өгүз районунда 7 Жайлоо өнүгүү борбору иш алып барууда. Биз мектепке чейинки билим берүүнү колдоону улантабыз жана балдарыбыз үчүн дагы да көп мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз. Азыр райондо бул курактагы балдардын 60 пайызын камтып жатабыз».


Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкынын өкүлү Болот Жунусов: «Биз социалдык жактан жоопкерчиликтүү уюм катары эрте курактан өнүгүүгө ишенебиз. Айрыкча бала кезинде инвестиция кылуу маанилүү. Ушундай болгон кооз жерде өсүп жаткан балдар  - бул келечекке салынган пайдубал. Биз мындай иш-чараларды ар дайым колдоого даярбыз» - деди. Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкынын өкүлү Жети-Өгүз районунда жайгашкан 5 борборго канцелярдык буюмдарды, китептерди жана оюнчуктарды тапшырды.



Кызыл-Суу айылдык кеңешинин төрайымы Чыныбаева Гулсунда сөз сүйлөп,Фондго ыраазычылык билдирди: «Айыл өкмөтү ар дайым Жайлоо өнүгүү борборлорун колдоп келет.Биз Республикада биринчилерден болуп бул борборду ачканбыз. Мен, борбордун жетекчиси Жеңишгүл Шаршеева Фонддун көмөгү менен  Стамбулга тажрыйба алмашууга барып келдик.  Бул жерде балдарга мээрим, камкордук жана сапаттуу билим берилет. Биз да өз салымыбызды кошуп, бакчанын өнүгүшүнө кол кабыш кылууга даярбыз».


Ата-энелердин бири Жумагүл Асанбаева: “Бул борборго мурда 3 небереси келген болсо,  азыр дагы бир небереси келип жатат. Балдарды алыс жерден болсо дагы алып келебиз. Аларга бул жер жагат”-деди.


Иш-чаранын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары жайлоодогу балдар үчүн ар түрдүү мастер-класстарды өтүштү. Балдар жөнөкөй каражаттар менен түрдүу химиялык кубулуштарды жасай турганын үйрөнүштү. Куурчак театр көрсөтүлдү. Андан сырткары чүкө, тогуз коргоол сыяктуу улуттук  оюндарды ойношту. Иш-чаранын аягында таланттуу балдар келген конокторго ырларды көркөп окуп, бий, манас айтуу өнөрлөрүн көрсөтүштү.