Баткен облусунун аял-лидерлери Юнисон Групп менен таанышышты
8 апреля 2025 г. в 10:01
2025-жылдын апрель айында Бишкек шаарында “Аялдар — тынчтыктын тиреги” долбоорунун алкагында Баткен облусунун жарандык коомундагы жигердүү аялдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана активисттер тажрыйба алмашуу максатында Юнисон Групп мекемесине барышты.
Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Тагаева К., Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Иманалиев Д.Б., Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Каримбердиева М.М., пилоттук айыл аймактарынын башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутат аялдары, долбоордун активисттери жана “Инициатива Розы Отунбаевой” эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери болду.
Жолугушууну
Юнисон Групп мекемесинин негиздөөчүсү жана жетекчиси Нурзат Абдрасулова ачып,
конокторго уюмдун жаралуу тарыхы, ишмердигинин негизги багыттары жана акыркы
жылдардагы жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берди.
Юнисон Групп 20
жылдан бери жаратылыш ресурстарын үнөмдөө, жогорку технологияларды жайылтуу,
климаттын өзгөрүшүнө адаптация, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү жаатында
Борбор Азия чөлкөмүндө алдыңкы уюмдардын бири болуп саналат.
Учурда уюм
мекемелердин жана имараттардын энергоаудитин жүргүзүп, жашыл экономиканын
өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет. Мындан тышкары, делегация 300 м² гана аянтты
ээлеген, бирок 4 кабаттуу "акылдуу" имарат менен таанышып, күн
энергиясы менен иштеген жылытуу, жарыктандыруу, суу, канализация жана
вентиляция системаларынын эффективдүү иштөөсүн көрө алышты.
Жолугушуунун
жүрүшүндө Нурзат Абдрасулова өзүнүн аял-лидер катары калыптаныш тарыхы менен
бөлүшүп, билимдин, өзүн-өзү өнүктүрүүнүн жана кыздардын лидерлигин бекемдөөнүн
маанисине токтолду. Ошондой эле, ал көп тараптуу өнөктөштүк орнотуу
мүмкүнчүлүгүн сунуштап, меймандарга дем берген сөздөрүн айтты.
Катышуучулар
жолугушуудан терең таасир алып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришип, мындан
аркы кызматташтыкка даяр экендиктерин айтышты.