“Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн”-Аялдар-тынчтык тиреги» долбоорунун өнөктөштөрү эл аралык Ала-Тоо университетинде экскурсияда болуп кайтышты
8 апреля 2025 г. в 09:56Баткен жана Лейлек райондорундагы пилоттук айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутат аялдары, долбоордун активисттер, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош технологиялык институтунун мугалимдерин алгач университеттин ректору Эсеналиева Н.С. тосуп алып, университеттин иштери жөнүндө кеңири маалымат берди. Келген меймандар жаңы дайындалган ректорду куттуктоо менен жолугушууга, таанышууга жана кызматташууга ыраазычылык билдиришти.
Эсеналиева өзүнгүн ректор болуп дайындалуусуна БУУнун Кыргызстандагы аялдар түзүмү салым кошкондугун белгилөө менен кыздардын, аялдардын лидерлигин, инсандык өнүгүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошону менен катар эле “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен бир топ жылдардан бери кызматташ болуп, аялдардын, кыздардын лидерлигин өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында бир нече долбоорлорду ишке ашырууга эксперт катары катышып келгендигин маалымдады.
Учурда “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн”-Аялдар-тынчтык тиреги» долбоорунун алкагында да кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи. Ошону менен катар эле, ушул жылдын 21-апрелинде Ала-Тоо университетинде старт алуучу “Жашыл жумалыгы” жөнүндө маалымат берди. Жолугушуунун катышуучулары, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош технологиялык институтунун мугалимдери бул иш чарага катышуунун биргелешкен чекиттерин талкуулашты. Жолугушуунун соңунда келген меймандар университеттин бардык корпустары менен, кабинеттери менен таанышып чыгышты.
Бул жолугушуу “Аялдар-тынчтык тиреги” долбоорунун туруктуулугун камсыз кылууга салым кошот деген ишеничтебиз.