Чүй облусунда 8 үй-бүлө киреше алып келе турган ишмердүүлүктү баштоого жана аялдардын ишкердигин колдоого багытталган жабдууларды алышты
17 февраля 2025 г. в 08:522025-жылдын 14-февралында Кең-Булуң айыл аймагына караштуу Ивановка айылында жайгашкан №1 мектепте басма чөйрөсүндө, кулинария жана кийим тигүү жаатында бизнес-долбоорлорду баштай турган келиндерге жабдууларды тапшыруу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү. Жабдуулар Улуу Британия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Демилгелүү ишкер аялдар» коомдук фонду (DIA) менен өнөктөштүктө International Alert тарабынан ишке ашырылып жаткан «Татыктуу жашоо» долбоорунун алкагында сатылып алынды.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар жана долбоорго катышкан үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү катышышты. Чүй облусунун 8 бенефициар үй-бүлөсү үчүн бул жабдуулар татыктуу жашоону көздөй маанилүү кадам болду. Долбоордун катышуучулары жана алардын үй-бүлөлөрү 6 ай бою үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аялдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жана экономикалык укуктарын бекемдөө үчүн жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталган «Татыктуу жашоо» методологиясын үйрөнүштү. Жабдуулар басып чыгарууга, тамак жасоого жана кийимдерди өндүрүүгө арналган.
«Социалдык камсыздоо министрлиги менен кызматташууга басым жасоо менен үй-бүлөлөрдү трансформациялоого багытталган методология стратегиялык болуп саналат жана Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жана деңгээлин төмөндөтүү максатында бул методологияны колдонууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет», - деп белгиледи International Alert уюмунун Борбордук Азия боюнча директору Шакират Токтосунова.
«Татыктуу жашоо» долбоору жөнүндө: Долбоор 2022-жылдын июль айынан тартып Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда ишке ашырылууда. Анын максаты үй-бүлөдөгү зомбулукту аныктоо жана азайтуу, үй-бүлөдөгү мамилелерди өзгөртүү, гендердик стереотиптерди жоюу жана экономикалык чечимдерди кабыл алууга аялдардын катышуусун көбөйтүү. Долбоор Улуу Британия Өкмөтүнүн эл аралык өнүгүү боюнча каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордо айтылган көз караштар сөзсүз түрдө Улуу Британия Өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.
Долбоордун алкагында Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы 110 үй-бүлө анын демилгелеринен пайдаланышты, бул алардын жашоо деңгээлин бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берди жана чечимдерди кабыл алууда аялдардын ролун күчөттү. Жабдуулар менен камсыз кылуу – бул узак мөөнөттүү ийгиликтерди камсыз кылуу үчүн коммуникация, рынокто иштөө жана финансылык башкаруу боюнча көндүмдөргө үйрөтүүнү камтыган комплекстүү мамиленин бир гана аспектиси болуп саналат.
ММК менен байланыш: Айгуль Болотова, Коомчулук менен байланыштар боюнча адис, International Alert, +996 552 778 979 (whatsapp, telegram)