Фонддун жетекчилиги БУУ Аялдар түзүмүнүн жетекчиси менен жолугушту
22 января 2025 г. в 21:28
"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын директору Роза Кайыкова, директордун орун басары Арстанбек Сагынтай уулу жана Фонддун долбоорлорунун координатору Чынара Абдраимакунова 2025-жылдын 23-январында Кыргызстандагы "БУУ-Аялдар" түзүмүнүн жетекчиси Сайед Садык мырза менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы долбоорлордун жыйынтыктарын талкуулашты жана кызматташуунун мүмкүн болгон варианттарын карашты. Фонддун өкүлдөрү жаңы жетекчиге жаңы кызматында ийгиликтерди каалашты.