"Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында диалог-форум өтөт

August 12, 2024, 07:51

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду 2024-жылдын 13-августунда Юнисефтин "Илимдеги кыздар"долбоорунун алкагында Диалог-Форум өткөрөт. Иш-чара долбоордун пилоттук мектептерин өнүктүрүүнүн стратегиялык пландоосун талкуулоого арналат.


Диалог-Форумдун максаты-“Илимдеги кыздар” долбоору алкагында 50 пилоттук мектепте гендер сезимталдуулук аспектилери жана STЕМ билим берүүсүн камтуу менен иштелип чыккан билим берүү уюмдарынын стратегиялык өнүгүү пландары жана практикалык колдонмо тууралуу маалымат берүү, август кеӊешмелеринин күн тартибине стратегиялык пландоо боюнча секциялык иштерди киргизүү жана пландарды бекитүү жол жобосун талкуулоо.

 

"Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи фазасынын алкагындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча Фонд пилоттук мектептерге өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын даярдаганга көмөктөштү.

 

Диалог-форумдун алкагында төмөнкү темалар сунушталат:

1."Илимдеги кыздар"долбоорунун алкагында изилденген мектепке чейинки, мектептен тышкаркы, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана облустук усулдук борборлордун стратегиялык пландоосунун абалы жөнүндө маалымат жана сунуштар.

2. КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан жана сунушталган "Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн институционалдык өнүгүү пландары" жөнүндө маалымат.

 

ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи этабын "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду 2023-жылдын апрель айынан тартып, Балдарды коргоо борбору, БААУ инновациялык колледжи жана Энактас Кыргызстан менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.

 

Долбоордун максаты-пилоттук мектептердин билим берүү программаларына STEM билим берүүнү жана гендердик-сезимтал мамилелерди киргизүү.