«Роза Отунбаеванын демилегеси» Эл аралык коомдук фонд 2013-жылдын 2-8-декабрь күндөрү «Айтматовду окуйбуз» жумалыгын өткөрөт

November 21, 2013, 06:00



«…мен өз мезгилимдин адамымын, китеп окуйм,

демек, жашап, ойлонуп жатам».

Чыңгыз Айтматов


2013-жылдын 2 – 8-декабрында заманыбыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесинин алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Гуманитардык кызматташтык мамлекеттер аралык фонду (ГКМФ) менен бирдикте «Айтматовду окуйбуз» жумалыгын өткөрөт. Айтматовдун чыгармалары Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле Шериктештиктин башка өлкөлөрүндө мектеп программасына киргизилген. Ошол эле учурда, бүткүл мурдагы советтик мейкиндикте мектеп окуучулары дегеле китепти, анын ичинде Айтматовду аз окуйт, бирок андан балдар да, чоң кишилер да көп нерсени үйрөнө алат.


Биздин долбоорубуздун милдети – Кыргызстандын бардык региондорундагы бардык курактагы окуучулардын көңүлүн улуу жазуучунун китептерине буруу, Чыңгыз Айтматовдун Сөздөрүнө аралашуу, анын тереңдигин аңдап-сезүү, анын китептерин окуу аркылуу өз сезимдерин, окуяларды башынан өткөрүү, ой-жүгүртүү дүйнөсүн байытуу.


Жумалыктын алкагында китеп окуу республиканын мектептеринде, колледждеринде, китепканалардын балдар жана өспүрүмдөр залдарында, музейлерде, айылдык клубдарда, ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө өтөт. Бул иш-чараларга Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Орус тили мугалимдеринин ассоциациясы, өлкөнүн чыгармачыл бирикмелеринин жетекчилери, Кыргызстан калкынын Ассоциациясы жана башка көптөгөн уюмдар катышат. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Кыргызстанда жашаган ар кандай элдердин тилдерине жаңырат. Айтматовдун чыгармаларын окуу процессин уюштурууга көп сандаган өнөктөрүбүз – мугалимдер, мектептердин директорлору, көркөм чыгарманы окутуучулар, артисттер, жазуучулар, телекөрсөтүүнүн алып баруучулары, журналисттер, театр ишмерлери, медиктер, өз шаарындагы, айылындагы, районундагы, облусундагы урматтуу, кадыр-барктуу адамдар тартылат.


«Айтматовду окуйбуз» жумалыгы Фондубуздун мурдагы «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун чектерин кеңейтет, ал чындыгында эле жалпы республикалык «китеп окуу сабагы» болуп калды. Мектептерде Айтматовдун чыгармаларынан инсценировкалар коюлду, «Кыргызский первый» жана «Достук» радиоканалдарында Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү мектеп окуучулары – мыкты окугандар, көркөм окуунун республикалык конкурсунун лауреаттары окуйт, алар да «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун көмөгү менен өтөт.


«Айтматовду окуйбуз» жумалыгына ар бир мектеп, ар бир класс катыша алат, анткени Айтматовдун китептери руханий жактан калыптанып жана өсүшүбүз үчүн негиз болуп келген жана ошондой бойдон кала берет.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2013-жылдын 2-8-декабрында «Айтматовду окуйбуз» жумалыгын өткөрүшү жөнүндө жобо.