«Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары шакирттер менен таанышты жана таанышуу маектешүүсүн өткөрдү

March 13, 2021, 09:50

2021-жылдын 12-мартында насаатчылык программасынын алкагында насаатчылардын шакирттер менен жолугушуусунун биринчи этабы болуп өттү. Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында уюштурду.

 

Иш-чаранын башталышында «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын директорунун орун басары Роза Кайыкова кыздарга долбоордун максаттары жөнүндө айтып берди жана менторлукка кызыккандыгы жана долбоорду колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Долбоордун насаатчылары Асилбекова Элиза, Кожомкулова Венера, Усупова Айзада, Саманчиева Махабат, Ибарат Курбанова, Зарема Колкомбаева, Тамила Маматова, Мадина Самакбаева, Елена Чигибаева, Эльзада Саргашкаева, Абдыманап кызы Мээрим, Мээрим Джаныбаева, Жылдыз Бекболотова, Жыргал Ботобаева, Гүлжамал Султаналиева, Мира Абдыматалиева, Айнура Бирназарова, Жийде Зоотбекова, Айканыш Өмүралиева өздөрү жөнүндө кыскача айтып беришти жана кыздарды үзүрлүү кызматташууга шыктандырды. Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептериндеги 7-10-класстардын ЖОЖдорго СТЕМ адистигине тапшырууну пландаштырып жаткан кыздарынын топтору бекитип берилди.

 

Топтор боюнча бөлүштүрүлгөндөн кийин насаатчылар өздөрүнүн шакирттери менен таанышуу маектешүүсүн өткөрдү, «Шакирттин күндөлүгүн» таратты жана жалпы максаттарды алдыга койду. 5 айдын ичинде насаатчылар өздөрүнүн шакирттерине багыт берет, турмуштук жана кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшөт жана келечектин кесибин (STEM) тандоого жардам берет.

 

Насаатчылык программасынын максаты: кыздарды SТЕМ-билим берүүгө тартууга жана патриоттук тарбиялоого багытталган билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары болуп Кыргызстандын прогрессивдүү, акылдуу, ийгиликтүү айымдары саналат, алар бизнес-ассоциациялардан жана STEM кесиптерден тартылган. Ментордук программага Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй областындагы Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун пилоттук мектептеринен 2600 кыз катышат. 5-6 айдын ичинде насаатчылар өздөрүнүн бардык билимдерин, жөндөмдөрүн, өздөрүнүн кесиптик жана турмуштук тажрыйбаларын кыздар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Насаатчылар кыздарга «айымдардыкы эмес» деген кесиптер жөнүндө стереотиптерди жоюуга жардам берет, СТЕМ-билим берүү жөнүндө айтып берет, өз максатын аныктоо жана келечектеги кесипти тандоо жагынан жардам берет.

 

Иш-чараны уюштуруучу – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ бардык насаатчыларга Фонд чыгарган басылмаларды: «Өмүрү өрнөк адамдар» сериясындагы китептерди жана «Кыргызстандын техникадагы жана илимдеги айымдары» китебин тартуулады.