STEM-КГТИ кышкы мектебинин ачылышы болот

February 10, 2021, 09:45

2021-жылдын 17-февралында саат 14:30да И.Раззаков атындагы КМТУда STEM-КМТИ кышкы мектебинин ачылышы болот. Бул кышкы мектеп «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан И.Раззаков атындагы КМТУ менен бирдикте Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (ДААД) колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Быйылкы жылы STEM мектеби ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздарга багытталган.


STEM кышкы мектебинде ЖРТга даярдануу үчүн даярдоо курстарына тандалган «Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздар жана Бишкек шаарынын мектеп окуучулары окутуудан өтөт. Кышкы мектептин программасына Кыргыз-Герман техникалык институтунун (КГТИ) даярдоо багыттары боюнча мастер класстары, ошондой эле STEM багыты тармагындагы ишканалар боюнча экскурсиялар киргизилген. Мастер класстар КГТИнин өркүндөтүлгөн лабораторияларында өтөт.

 

Бир жуманын ичинде мектеп окуучулары төмөнкүдөй тармактарда инженердик билим берүү дүйнөсүнө аралаша алат: энергиянын орду толуп туруучу булактары, гидроэнергетика, телематика, биомедициналык инженерия, биоинформатика, логистика, тамак-аш инженериясы, тамак-аш технологиялары, текстиль жана тери технологиялары.

 

Эске сала кетсек, кышкы, жазгы, жайкы STEM мектептери «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан 2015-жылдан бери өткөрүлүп келатат жана инженердик адистиктерге мүмкүн болушунча көбүрөөк окуучу кыздарды тартууга мүмкүнчүлүк берет.